Ош мэри үч эмге батирдин ачкычын тапшырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат. Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн. Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.

“Ала-Тоо Резорт” курортуна тиешелүү негизги 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу баштады

“Ала-Тоо Резорт” курортуна тиешелүү негизги 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу баштады. Ишканадан билдиришкендей,  объект жалпы 156 сотых жерди ээлейт.   Жакын арада Ак-Суу районунун Жыргалаң чокусунун аймагына мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат. Учурда курорт жайгаша турган аймакта асма жолдун курулушу да кызуу жүрүп, тирөөчтөрдүн… Кененирээк…

Чүй облусунда 10 саламаттыкты сактоо уюмуна жаңы медициналык жабдуулар тапшырылды

Чүй облусунда 10 саламаттыкты сактоо уюмуна жаңы медициналык жабдуулар тапшырылды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, япониялык инвесторлордун колдоосу менен рентген-комплекстер, УЗИ-системалар жана башка аппараттар берилди.   Техника Токмок, Ивановка, Жайыл, Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондук жалпы дарыгердик практика борборлоруна тапшырылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрүү түйүнүндө электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрүү түйүнүндө электрондук кезек системасы ишке кирди.   Экономика министрлигинен билдиришкендей, башкы максаты — чек арадан өтүүдө убакытты үнөмдөө жана административдик чектөөлөрдү алуу болуп саналат.   Өткөн жылы ушундай эле система “Кызыл-Кыя” постунда ишке кирип, бүгүнкү күндө натыйжалуулугун көрсөтүүдө. Алсак, жүк… Кененирээк…

Илон Маск АКШдагы эң бай адам болуп төртүнчү жыл катары менен өз ордун сактап калды

Илон Маск АКШдагы эң бай адам болуп төртүнчү жыл катары менен өз ордун сактап калды. Ал байлыгы 400 миллиард доллардан ашкан эң алгачкы адам болду, деп Forbes басылмасы жазды.   Учурда анын капиталы 428 миллиард долларга жетти.   Экинчи орунду Oracle компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон… Кененирээк…

2026-жылы ажылыкка документтерди кабыл алуу 23-сентябрда башталат

2026-жылы ажылыкка документтерди кабыл алуу 23-сентябрда башталат.   Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, каалоочулар мамлекеттик банктагы ажылык сапар эсебине баштапкы төлөм катары 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң 200 сом төлөшү керек.   Каттоо тартиби бир гана электрондук же ID паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Сауд Арабия… Кененирээк…

Кыргызстандын 14,5 миңден ашык жараны Россияда макамын мыйзамдаштырды

Кыргызстандын 14,5 миңден ашык жараны Россияда макамын мыйзамдаштырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Эске салсак, бүгүн Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү аяктады.   11-сентябрдан тарта аны аткарбаган чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылып, мыйзамда каралган бардык чектөөлөр колдонулат, анын ичинде Россияга… Кененирээк…

Нарын облусунун Ак-Тал айылында бала бакчанын курулушу уланууда

Нарын облусунун Ак-Тал айылында бала бакчанын курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 90 орундуу. Имаратта уктоо, ойноо бөлмөлөлү, ашкана жана башка техникалык жайлар каралат.   Мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жаткан бала бакча жыл аягына чейин пайдаланууга… Кененирээк…

Транспорт каражаттарын каттоо мамлекеттик агенттигинин ордо калаадагы бөлүмдөрүнүн иш убактысы узартылды

Транспорт каражаттарын каттоо мамлекеттик агенттигинин ордо калаадагы бөлүмдөрүнүн иш убактысы узартылды. Эми Аламүдүн жана Бишкек филиалдары жарандарды иш күндөрү эртең мененки саат 8.30дан түнкү 1ге чейин кабыл алат.   Агенттиктен белгилешкендей, өзгөрүүлөр легалдаштыруу процессинен өтө элек жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.

Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн үстүнөн өтүп, Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат

Ош шаарында Осмонов көчөсүнүн үстүнөн өтүп, Айтиев жана Көкүм бий көчөлөрүн бириктирген эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Осмонов көчөсүн Барсбек кагандын эстелиги жайгашкан айлампадан тарта Касымбеков көчөсүнө чейин кеңейтүү каралган. Эки тилкелүү трасса алты тилкеге чейин кеңеет. Ал… Кененирээк…