Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайын калыбына келтирүү иштери башталды
Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайын калыбына келтирүү иштери башталды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө табигый, атмосфералык, механикалык жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, реставрация жумуштары аткарылууда.









