Бишкектеги Нариман кыска көчөсү оңдолду

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекасфальтсервис» ишканасы Васильев көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейинки 731 метр узундуктагы Нариман кыска көчөсүндө капиталдык оңдоо иштерин жүргүздү. Анын алкагында эски асфальтты (кээ бир жерлерде) алуу, жер кыртышын казуу, бордюрларды орнотуу жана жолдун негизин даярдоо иштери аткарылды. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Ош шаарында электр унааларын кубаттоочу станциялар ачылды

Ошто электр унааларын кубаттоочу станциялар ачылды.   Жергиликтүү мэрия кабарлагандай, 20 даана станция Алымбек датка көчөсүнө орнотулду.   Маалыматка ылайык, жалпысынан 30 жабдуу алып келинген. Калганы калаанын башка аймактарына жайгаштырылат.   Бул станцияларды электромобиль айдаган бардык жарандар колдоно алышат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө төрт күн газ болбойт

“Бишкекгаз” кызматы билдиргендей, 16-19-сентябрь күндөрү Фучик көчөсү, ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Москва, Кулиев, Бөкөнбаев, Дэн Сяопин, Жангерчинов көчөсү, темир жол, Садыгалиев, Б.Алыкулов, Патрис Лумумба, Профсоюзная көчөлөрү менен чектелген райондо көгүлтүр от өчүрүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Кыргызстанда эң көп азык-түлүктүн баасы кымбаттады

Жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 5,1 пайызды түздү.   Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге, азык-түлүк эмес азыктар жана калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери жогорулаган.   Белгиленгендей, баалардын максималдуу өсүшү Чүй облусунда катталды.  … Кененирээк…

Өрт коопсуздугун сактабаган билим берүү мекемелерине 46 миң сом айып пул салынды

Бишкекте өрт коопсуздугун сактабаган билим берүү мекемелерине 46 миң сом айып пул салынды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, административдик чара Октябрь райондук билим берүү башкармалыгына көрүлдү.   Маалыматка ылайык, буга чейин аталган райондо талапка жооп бербеген 5 мектеп, 12 бала бакчага эскертмелер берилген. Бирок талап… Кененирээк…

Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 70 пайызы жыйналды

Өлкөдө жалпы дан эгиндеринин 678,4 миң га аянтынын 478,8 миң гектары жыйналды, бул 70,6 % пайызды түзөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (467,9 миң га) бир аз ашык. Республикалык деңгээлде орточо түшүмдүүлүк 26,2… Кененирээк…

Токмокто Ислам академиясы ачылды

Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясы ачылды.   Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, академия теология жана дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган.   Алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайында билим берүү… Кененирээк…

Зардалыга каттаган жолдун курулуш иштери уланууда

Баткендеги Зардалы айылына каттаган жолдун курулуш иштери уланууда.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы жолунун жалпы узундугу 17,5 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө 7,5 чакырымында кеңейтүү жана тегиздөө иштери активдүү жүрүп жатат.   Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон темир көпүрө… Кененирээк…

Тогуз-Торо районунда 100 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда бала бакчанын курулушу аяктап калды.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу имарат 100 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берет.   Республикалык бюджеттен каржыланып жаткан объекттин баасы 62 миллион сомду түзөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу өтөт

Кыргызстанда “Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсу өтөт.   Агартуу министрлиги билдиргендей, жыл сайын уюштурулуучу иш-чарага өлкөнүн бардык облустарынан бала бакчада эмгектенген кызматкерлер катышат. Тандоо төрт номинация боюнча: тарбиячылар, методисттер, мамлекеттик тил мугалимдери жана музыкалык жетекчилер арасында жүргүзүлөт.   Финалдык этап 22-24-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.… Кененирээк…