Бишкекте жалпы шаардык ишембилик өтөт

Бишкекте 20-сентябрда жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бишкек мэриясы бардык шаар тургундарын жана менчигинин түрүнө карабастан мекеме-уюмдарды ишембиликке катышууга чакырат. «Шаарды көрктөндүрүү үчүн өз салымыңызды кошуп, бекитилген аймактарды иретке келтириңиздер. Келиңиздер, шаарыбызды көрктүү, таза кылалы», — деп кайрылышты муниципалитеттен. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын датасы белгилүү болду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын датасы белгилүү болду.   Уюштуруу комитетинен билдиришкендей, иш-чаранын салтанатуу ачылыш аземи 2026-жылдын 31-августунда Бишкек шаарында, ал эми жабылышы 6-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт.   Оюндарга 90го жакын өлкөдөн катышуучулар менен коноктор катышат деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

18-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, суу саат 10:00дөн күндүзгү 4кө чейин Ч.Айтматов проспектиси, Токтонолиев көчөсү жана Т.Океев  көчөсүндөгү үйлөрдө өчүрүлөт.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Жалал-Абадда 100 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Жалал-Абад шаарында №34 бала бакча оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматта белгиленгендей, мектепке чейинки билим берген мекеме 100 орунга чакталган. Ага жергиликтүү бюджеттен 13 млн сомдон ашык жумшалып, толук капиталдык ремонттон өткөрүлдү.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн жыйыны өтөт

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен вице-президенттеринин жыйыны өтөт. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын премьер-министрлери, Түркиянын вице-президенти, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы катышат.   Жолугушуунун жүрүшүндө экономика, соода, инвестиция, транспорт жана башка тармактарда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланат. Мындан тышкары… Кененирээк…

Ички иштер министрлигине 150 унаа тапшырылды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 150 унаа тапшырылды.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, машинелер Кыргызстанда чогултулган. Унаалар GPS-навигациясы менен видеобайкоо камералары бар, санариптик технологиялар менен жабдылган. Анын алкагында жол коопсуздугун сактоо сапаты жакшырат деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Учкун конушундагы авариялык мектепке кошумча имарат курулууда

Бишкектин Учкун конушундагы №89 орто мектептин аймагына кошумча имарат курула баштады.   Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы имарат эки кабаттуу болуп, 570 окуучуга чакталат. Учурда объекттин котлованын казуу иштери жүрүп жатат.   Курулушту 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышына аяктоо пландалууда.   Буга чейин №89 мектептин имараты авариялык… Кененирээк…

Өлкөдө сел жүрүү жана суу каптоо коркунучу жогору

Эртеңден тарта 19-сентябрга чейин өлкөдө сел жүрүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоосу мүмкүн.   Бул күндөрү тоолуу аймактарда, жаратылышта, дарыя жээктеринде эс алуудан баш тартып, арык-каналдарды тазалап, жамгырдан топтолгон кыян сууларынын агып өтүүсүнө жол ачуу… Кененирээк…

Ысык-Атада 36 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 36 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Тиешелүү иштер 2025-2026-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалып жатат. Анын алкагында керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жакшырат деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Дүйнө чемпионатында бүгүн балбан Айпери Медет кызы килемге чыгат

Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бүгүн кыз-келиндер килемге чыгат.   Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан 76 кг салмак ченинде Айпери Медет кызы күч сынашат. Балбан алгач түркиялык Элмира Ясин менен таймашат.   Беттештер Бишкек убактысы боюнча… Кененирээк…