Оштогу Кең-Сай массивине электр жарыгын тартуу иштери башталды

Ош шаарынын Кең-Сай массивинде электр энергиясын тартуу иштеринин алгачкы этабы башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул багытта 6 миң 300 кВт кубаттуулуктагы жаңы трансформатор алып келинип, орнотулду.   Ушул жылдын аягына чейин жергиликтүүлөр жеткиликтүү электр энергиясы менен камсыз болот деп күтүлүүдө. Өткөн аптада болсо конушту сугат суу… Кененирээк…

Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкектин Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.   Мэриянын маалыматына караганда, чектөө эртеңден тарта 22-сентябрга чейин созулат. Мунун себеби жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу.   Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап алуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

20-сентябрда жалпы республикалык ишембилик өтөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жалпы республикалык ишембилик жарыялайт. Ал 20-сентябрда өтөт.   Иш-чарага жарандар, мамлекеттик кызматкерлер, бизнестин жана жеке сектордун өкүлдөрү катышууга чакырылат.   Негизинен коомдук жайларды, сейил бактарды жана турак жайлардын алдын тазалоо, таштандыларды чогултуу жана сорттоо, ошондой эле эс алуу… Кененирээк…

Бишкек менен Чүй облусун газдаштырууга насыя берилүүдө

Бишкек менен Чүй облусун газдаштырууга жеңилдетилген кредит берилүүдө. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, насыяны 36 субъект алып, жалпы суммасы 4 миллион сомдон ашты.   Бул жардам “Жеңилдетилген каржылоо — 3” долбоорунун алкагында көрсөтүлүүдө.   Долбоор 2025-жылдын апрель айында бекитилген. Программаны ишке ашырууга эки мамлекеттик банк катышууда,… Кененирээк…

Баткенде Жаңы Достук айылынын курулушу уланууда

Баткендеги Жаңы Достук айылынын курулушу Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө. Мекеменин маалыматына караганда, ал жерде 181 турак жай салынууда, ошондой эле социалдык объектилердин курулушу да башталган.   Иштин сапатына, пайдаланылган материалдарга, техникалык талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулууда.   Эске салсак, жаңы айылдын курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик… Кененирээк…

Ошто жаңы ачылган цех 18 күндө 252 электр мамысын чыгарды

Ош шаарында темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цех 18 күндө 252 даана электр мамысын өндүрдү. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, цех азыркы тапта толук өндүрүш режиминде иштеп жатат. Күнүнө СВ түрүндөгү 12 даанадан электр мамылары чыгарылып, алар электр тармактарындагы оңдоо жана курулуш иштерине колдонулат. Мындан тышкары, цехте фундаменттик… Кененирээк…

Жыл башынан бери өлкөдө 40 миңден ашык адамга пенсия чектелди

2025-жылдын январь-август айларында өлкөдө 40 миң 275 жаранга пенсия чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинде август айында 3 миң 44 жаранга пенсия чектелган. Мындан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча кошумча документтердин негизинде 964 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди.… Кененирээк…

Бишкекте ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтүүдө

Кыргызстандын президентинин администрациясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу өтүүдө. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда.… Кененирээк…

Ош шаардык төрөт үйүнүн корпусу оңдон-түзөөдөн кийин ачылды

Ош шаардык төрөт үйүнүн экинчи корпусу оңдон-түзөөдөн кийин ачылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин медициналык мекемеде орундуктар жетишсиз болуп келсе, эми бул маселе жөнгө салынды.   Төрөтканада бардык шарттар жакшыртылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кытайлык авиакомпания эң узун каттамдардын бирин ачууда

Кытайлык авиакомпания заманбап авиациядагы эң узун каттамдардын бирин ачууда. Учактар Шанхайдан Буэнос-Айреске уча башташат.   Бул эки континентти гана байланыштырбастан, жүргүнчүлөр менен экипаж үчүн чыныгы сыноо болот: дээрлик 20 миң чакырымдык сапар жана жолдо бир жарым күн убакыт кетет.   Жүргүнчүлөргө Жаңы Зеландияда эки сааттык… Кененирээк…