FIFA рейтингинде Кыргызстан 106-орунду ээледи

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы FIFAнын рейтингинде 106-орунду ээледи.   Жаңыланган тизме уюмдун сайтында жарыяланды. Ага ылайык, Испаниянын курама командасы биринчи орунга чыкты. Экинчиде Франция, дүйнөнүн учурдагы чемпиону Аргентина үчүнчү сапка жайгашты.   Өзбекстан 54-сапта болсо, Казакстандын курама командасы 118-орунду ээледи.   Ушул жана башка… Кененирээк…

«Ала-Тоо Резорт»: асма жолдун биринчи баскычы жактырылды

«Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексинин алкагында курулуп жаткан асма жолдун биринчи баскычы жактырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.   Долбоордун алкагында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүм: мейманкана комплекстери, асма жолдор, ресторандар, тик учак конуучу аянтча… Кененирээк…

Бишкектин айрым бөлүгүндө суу берүү токтотулат

23-сентябрда Бишкектин айрым бөлүгүндө суу берүү токтотулат.   Мэриянын маалыматына ылайык, саат 9:00дөн 16:00гө чейин суу Фрунзе, Панфилов, Матросов, Горький, Бектенов, Скрябин, Мавлянов жана 7-апрель көчөлөрүндө жок болот.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Кыргызстан азык-түлүктүн алты түрү менен ички рынокту камсыздай алды

Ушул жылдын жети айында Кыргызстан республикадагы негизги тогуз азык-түлүктүн алты түрү менен ички рынокту камсыздай алды.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда картошка, сүт азыктары, жашылча-жемиш жана тоок азыктарына муктаждык толук жабылган. Ошол эле учурда эт боюнча өзүн-өзү… Кененирээк…

Бишкекте күн кайрадан жылыйт

Синоптиктердин маалыматына караганда, айдын үчүнчү декадасы нормага салыштырмалуу үч градуска жогору болуп, жаан-чачын аз болот.   Ыңгайлуу аба ырайы күндүз гана эмес, түнкүсүн да күтүлөт. 21-29-сентябрь күндөрү күндүз абанын температурасы +20дан 25 градуска чейин өзгөрүп турат. Түнкүсүн сыртта 15 градустан жогору жылуулук сакталат.   Алдыдагы… Кененирээк…

Бишкекте дзюдо боюнча балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды

Бишкекте дзюдо боюнча олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектеби ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жаңы курулган мектепке көрүнүктүү маданият ишмери Жаныбек Алыкуловдун ысымы ыйгарылган. Белгиленгендей, куудул чыгармачылыктан сырткары футбол, баскетбол жана шахмат оюндарынын чебери болгон. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында №27 мектептин жаңы имараты курулууда

Мэриядан билдиришкендей, эки кабаттуу заманбап мектеп 500 орундуу болот.   Объекттин курулушу Дүйнөлүк банктын долбоору аркылуу ишке ашырылууда. Тендердик баасы дээрлик 235 млн сомду түзөт.   Эске салсак, аталган мектептин эски имаратын ӨКМ 2014-жылы жараксыз деп тапкан. Ушул тапта ага карабай 270 орундуу эски мектепте… Кененирээк…

Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаап жатат

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жолдор кардан тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө. Жолчулар күнү-түнү кезметте туруп, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоодо.   Аталган жолдор ачык, каттам туруктуу.   Ошондой эле Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун ашуусунда да… Кененирээк…

Баткенде 100 миң адамга ылайыкталган шаар курулат

Баткенде 100 миң адамга ылайыкталган экологиялык жашыл шаар курулат.   Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда долбоорлоо иштери жүрүүдө.   Маалыматка ылайык, Жаңы Баткен шаары Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында жайгашат. Бул максатта буга чейин 760 гектар жер аянты трансформацияланган.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Таластын Кең-Арал айылында 140 орундуу бала бакча курулууда

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 101 миллион сомду түзөт.   Эки кабаттуу имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет. Учурда курулуштун пайдубалы куюлду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…