Өлкөдө 49 миңден ашуун үй-бүлө электр энергиясына жеңилдик алды

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Мындай жеңилдик 2022-жылдан бери 16 жашка чейинки балдары бар жана «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алып жаткан аз камсыз үй-бүлөлөргө көрсөтүлүп келет. Ага ылайык, айына 700 кВт/с чейин электр энергиясын пайдаланган үй-бүлөлөр үчүн 1 кВт/с баасы 55,4… Кененирээк…

Парламент комитети Жогорку Кеңешти таркатуу сунушун жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети парламенттин өзүн-өзү таркатуу тууралуу демилге көтөргөн депутаттык топтун сунушун колдоду. Демилгечи 32 депутаттын бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, «мамлекеттин туруктуулугу жана стабилдүүлүгү үчүн» ушундай кадамга барып жатышканын белгиледи.   «Жогорку Кеңештин депутаттарын… Кененирээк…

IV Элдик курултай декабрда өтөт

IV Элдик курултай 2025-жылдын 22-декабрында өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Документте белгиленгендей, ага 700 делегат катышат.   Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо, координациялоо боюнча уюштуруу комитети жана убактылуу жобо бекитилди. Делегаттар «Элдик курултай жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык шайланат.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Аксыда оңдоп-түзөөдөн өткөн бала бакча пайдаланууга берилди

Райондук администрациядан маалымдашкандай, объект буга чейин орто мектеп болчу.   Анын эшик, терезе, чатырын алмаштыруу менен бала бакча кылып кайра түзүүгө дем берүүчү гранттардын, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат жумшалды.

Эне сүйүүсү баланын тагдырын калыптандырат

Психоанализдин негиздөөчүлөрү эне сүйүүсүн алган бала өмүр бою өзүнө ишенген бойдон калат деп эсептешет.   Белгиленгендей, эненин сөзү, көз карашы, жада калса жөнөкөй жаңсоолору баланын келечегине чоң таасир этет.   “Эне сүйүүсүн алган бала жашоодо ишеним менен алдыга умтулуп, чоң ийгиликтерге жетет”, – дешет талдоочулар.… Кененирээк…

Кыргызстанда эмгек акы эң көп жогорулаган тармактар аталды

Статистикалык маалыматтарга ылайык, маяна кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк, кесиптик, илимий жана техникалык тармак, саламаттык сактоо жана социалдык тейлөө, мейманкана жана ресторандар, мамлекеттик башкаруу, коргонуу жана милдеттүү социалдык камсыздоо, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу багытында өстү.   Жылдын январь-июль айларында бир кызматкердин… Кененирээк…

Өлкөнүн ашуулары менен жолдору ачык, каттам бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жол тейлөө ишканалары тарабынан инерттик материалдарды камдоо жана техникаларды кышкыга даярдоо иштери кызуу уланууда.   Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына жана күз-кыш мезгилине карата тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга тургандарга унаа дөңгөлөктөрүн алмаштырып алууга чакырат.   Ушул жана… Кененирээк…

Бүгүн Бишкекте алты миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкекте электр энергиясына карызы бар алты миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт.   “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасы ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн бересени өз учурунда төлөөгө чакырат.   Карызды электрондук капчыктар жана “Кыргызпочтасынын” бөлүмдөрүндө төлөсө болот.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Кочкордо жаңы автобекет курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу заманбап объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жатат.   Автобекетте жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын ыңгайлуулугун, коопсуздугун камсыздоого багытталган шарттар түзүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

25-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 9дан кечки 5ке чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельская көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек жолу проспектиси, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт. Анын ичинде Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын бешик, Салам Алик конуштары… Кененирээк…