Бишкекте жаңы №24 автобустук каттам ишке кирди
Бишкекте жаңы №24 автобустук каттам ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, ал Келечек жана Үмүт конуштарын бириктирет. Автобустар Элебесов, Киев, Бейшеналиева жана Фрунзе көчөлөрү менен жүрөт. Буга чейин бул каттам менен №224 маршруттук такси каттап келген, эми аларды заманбап автобустар алмаштырды.









