Снуп Догг 2026-жылкы Олимпиадада кайрадан атайын кабарчы болот

Мелдештердин алкагында ал “Снуптун мыкты хиттери” рубрикасын алып барат. Артист спортчулардын оюндарын комментарийлеп гана тим болбостон, мелдештер өтчү жай — Италия жөнүндө да айтып берет.   Эске салсак, кышкы Олимп оюндары 6-22-февраль күндөрү өтөт.   2024-жылкы мелдештерде да Снуп Догг атайын кабарчы катары катышкан.  … Кененирээк…

Ош облусунда жаңы мектептин курулушу башталды

Курулуш министрлигинин маалыматына караганда, 275 орунга ылайыкташкан мектеп Араван районунда жайгашат.   Имаратта окуу класстары, өтмө галерея жана спортзал каралган. Бул жерде футбол талаасы да курулат.   Долбоор мамлекеттик бюджет эсебинен каржыланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  … Кененирээк…

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолун оңдоо иши уланууда

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө уланууда.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, иштер жолдун оң тарабында, Новопокровка айылынан Калинин көчөсүнө чейинки аралыкта жүрүүдө. Ал эми Калинин жана Лермонтов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жолдун негизин даярдоо, бордюрлар жана суу өткөргүч… Кененирээк…

Бир бөлмөлүү батирди эң кымбат ижарага берген шаарлар аныкталды

Биринчиликти Лондон жана Сингапур бөлүштү. Орточо эсеп менен бул шаарларда бир айга 2 миң 700 доллар сарпталат.   Топ-5ке Вашингтон, Амстердам жана Дублин да кирген.   Эң арзан ижара Бангладештин борбору Даккада – бир айга 93 доллар турат. Ошондой эле бир бөлмөлүү арзан батирди ижарага Пакистандын… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо маселеси талкууланды

29-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жолугушту.   Жыйынга чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.   Анда чек араны делимитация кылуунун жыйынтыгы менен эки тараптан… Кененирээк…

Жалал-Абадда жаңы тоок фабрикасы ачылды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы тоок фабрикасы ачылды.   Ишкана жергиликтүү фонддордун бири менен мамлекеттик банктын каржылык колдоосунда курулган.   Бүгүнкү күндө фабрика суткасына 27 миң даана жумуртка өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ жана Жалал-Абад облусунун ички рыногун камсыздоого багытталган. Азырынча бул жерде 13 жумуш орун түзүлүп,… Кененирээк…

Камералар машинеде коопсуздук курун тагынбагандарды да аныктайт

Кыргызстанда камералар машинеде коопсуздук курун тагынбагандарды да аныктайт.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жаңы эреже 1-октябрдан тарта күчүнө кирерин эскертти.   “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагындагы жаңычылдык айдоочуга да, жүргүнчүгө дагы тиешелүү болот. Аларга башка жол эрежелерин бузуу фактыларындай эле айып пул салынат.  … Кененирээк…

Кыргызстанда аба ырайы кескин суукташы күтүлүүдө

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 1-2-октябрда өлкө аймагында аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда жамгыр карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу болуп, түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал.   Жарандарга сак болуу сунушалат.   Ушул жана… Кененирээк…

Япониялык окумуштуулар адамдын тишин кайра өстүрүүнүн жолун изилдешүүдө

Дүйнөлүк басылмалар жазгандай, мындай ачылыш стоматологияда төңкөрүш алып келиши мүмкүн.   Тишти табигый жол менен өстүрүүгө жардам бере турган дарылоо ыкмасы алгач чычкандарда сыналып, жакшы жыйынтык берген.   Илимпоздор 2030-жылга чейин бул дарылоону медицинада жеткиликтүү кылууну көздөп жатышат. Анын алкагында имплант же протездерге болгон муктаждык… Кененирээк…

Түп–Кеген жолу расмий ачылды

Ысык-Көл облусунда Түп–Кеген жолу расмий ачылды.   Президенттик администрациядан билдиришкендей, жалпы узундугу 52 чакырымды түзгөн автожол заманбап стандарттарга ылайык курулду. Жолдун 39-76-чакырымындагы тилке жана Каркыра–Турук–Сары-Жаз автожолунун 13 чакырымы толугу менен оңдолду.   Бул жол Ысык-Көл облусу менен Казакстандын Алматы облусун, Алматы шаарын байланыштырат. Мындан тышкары,… Кененирээк…