Ак-Талаада жаңы оорукана пайдаланууга берилет

Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында 20 койкалуу оорукана пайдаланууга берилет. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, курулуштун наркы 65 млн сомду түзгөн. Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2024-жылы башталган. Жалпы аянты 721 чарчы метрди түзгөн оорукана эки блоктон турат. Эки кабаттуу… Кененирээк…

Өкмөттө күз-кыш мезгилине даярдык боюнча кеңешме өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев экономика тармактарын жана калкты 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жана аткарылган иштер жөнүндө кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде суу энергетикалык абал, энергетикалык ишканаларды кышка даярдоо жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз энергия менен камсыздоо боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маселе каралды. Маалым болгондой электр энергиясын керектөөсү… Кененирээк…

Тогуз-Тородо жаңы сквер ачылды

Тогуз-Торо районунун Казарман айылында сквер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 2 млн 499,7 миң сом сарпталган. Скверде жөө басуучу тротуар, балдар ойноочу аянтча жана улгайган жарандар үчүн воркаут жана атайын олтургучтар каралган. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…