Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт. «Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, төмөн жана орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 7-8-октябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт: Улук Тоо көчөсү, Корсаковы көчөсү, Кок-Кыя көчөсү, Батыш көчөсү. «Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт.   Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түн жарымга чейин суу Жунусалиев, Гагарин, Асаналиев, Боронбай, Чортеков, Айни, Муромск, Алыкулов, Ахунбаев, Лев Толстой жана Калык Акиев көчөлөрүндө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Нарын облусунун Жумгал районунда жаңы бала бакча пайда болду

Нарын облусунун Жумгал районунда жаңы бала бакча пайда болду.   Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Байзак айылында жайгашат.   Курулушка мамлекеттик бюджеттен 94 миллион сом бөлүнгөн.  Бала бакча бардык заманбап шарттар менен камсыздалып, ачылуу алдында… Кененирээк…

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда көчөлөр оңдолууда

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда көчөлөр оңдолууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда оңдоо иштери Безымянная көчөсүндө Кадыр-Ата көчөсүнөн Кадырбай-Ата көчөсүнө чейин  жүрүп жатат.   Бордюрлар жана ирригациялык системалар орнотулуп, тротуарлардын негизи даярдалууда. Жакынкы арада жолдун өзүнүн негизин даярдоо, асфальт төшөө иштери башталат.

Кыргызстанда 283 социалдык объект курулуп жатат

Кыргызстанда 283 социалдык объект курулуп жатат.   Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, анын 145и мектеп, 74 бала бакча, 34 спорттук объект, 11 оорукана, 5 маданият үйү жана 14 административдик имарат бар.   Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен каралган. Ведомстводон белгилешкендей, жыл башынан бери… Кененирээк…

Бүгүнкү күндө республика боюнча 70 миңге жакын мамлекеттик ипотекалык батир курулуп жатат

Бүгүнкү күндө республика боюнча 70 миңге жакын мамлекеттик ипотекалык батир курулуп жатат.   Алардын басымдуусу Бишкек жана Чүй облусуна туура келет. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык уюмдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, курулуп жаткан үйлөр борборлоштурулган электр, суу менен камсыздоо жана канализация системаларына кошулган, ал эми көпчүлүк… Кененирээк…

Бектен Бекболотов айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Бекболотов Бектен Турсунбекович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бектен Бекболотов 1973-жылдын 10-октябрында туулган. Эки жогорку билимдин ээси. 1997-жылдан тартып түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келген.

Ford компаниясынын генералдык директору Джим Фарли 17 жаштагы баласын ширетүүчү болуп иштөөгө жөнөттү

Ford компаниясынын генералдык директору Джим Фарли 17 жаштагы баласын ширетүүчү болуп иштөөгө жөнөттү. Миллионердин айтымында, бул кесип — келечектеги эң маанилүү жумуштардын бири.   Дүйнөдө чыныгы квалификациясы жогору болгон жумушчу адистер жетишсиз, ал эми жасалма интеллект алардын эмгегин жасай албайт. Фарли белгилегендей, ак эмгек адамга… Кененирээк…

Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабат кербен сарайын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.   Маданият министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө табигый, атмосфералык, механикалык жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, реставрация жумуштары аткарылууда.

Ноокен районунун Кызыл-Туу аймагындагы 105 гектар аянтка тамчылатып суугаруу системасы орнотулду

Ноокен районунун Кызыл-Туу аймагындагы 105 гектар аянтка тамчылатып суугаруу системасы орнотулду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул максатта 35 миллион сом бөлүнгөн.   Тамчылатып сугаруу ыкмасынын натыйжасында жергиликтүү дыйкандар  70-80 пайызга чейин суу үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жетишет деп күтүлүүдө.