Криштиану Роналду тарыхтагы биринчи миллиардер-футболчу аталды

Криштиану Роналду тарыхтагы биринчи миллиардер-футболчу аталды. Португалия курамасынын жана сауд арабиялык “Аль-Наср” клубунун чабуулчусунун байлыгы 1,4 миллиард долларды түзөт.   Жайында ал аталган клуб менен 400 миллион долларлык жаңы келишимге кол койгон. Футболчу 550 миллион долларды айлык катары тапса, 175 миллион доллар жарнамалык келишимдерден түшкөн.… Кененирээк…

Манас шаарында филармониянын жаңы имараты курулат

Манас шаарында филармониянын жаңы имараты курулат. Муниципалитет курулуштун эскиздик долбоору менен бөлүштү. Мэриянын маалыматына караганда, филармониянын чоң залы 1 миң 500 орундуу, кичи залы 500 орундуу болот.   Курулуш иштерине Турукташтыруу фондунан 1 миллиард сом бөлүнгөн.

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-октябрда башталат

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-октябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Каттоо онлайн форматта 30-октябрга чейин уланат.   Анын алкагында студенттер контракттык негизде билим алууга кабыл алынат. Ал эми тестирлөөнүн өзү алдын ала маалымат боюнча 20-ноябрдан 23үнө чейин… Кененирээк…

Парламент депутаттарын шайлоого 800 миллион сом жумшалат

Парламент депутаттарын шайлоого 800 миллион сом жумшалат.   Бул тууралуу Боршайком төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, чыгымдардын көбөйүшү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айлыгы жогорулаганына байланыштуу. Буга чейин алар 2 миң сомдон алса, эми 3 миң сомдон алышат.   Эске салсак, 25-сентябрда Жогорку Кеңеш… Кененирээк…

Черногорияда жалкоолук боюнча чемпионат аяктады

Черногорияда жалкоолук боюнча чемпионат аяктады. Бул ирет дагы эки жыл мурда жеңишке жеткен Лидия Маркович жеңүүчү аталды. Эгер буга чейин ал 50 күн бою жатса, бул жолу 50 саат эле талап кылынды.   Анткени, башка катышуучулар жата бергенден тажап, чемпионаттан чыгып кеткен. Эске салсак, акчалай… Кененирээк…

Ордо калаанын Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу дээрлик аяктап калды

Ордо калаанын Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу дээрлик аяктап калды. Иштер августта башталып, графиктен эки айга эрте жүрүп жатат. Андыктан, көпүрөнү ушул аядын аягында ачуу пландалууда.   Курулуштун жалпы наркы 144 миллион сомду түздү. Көпүрө 4 чийинден туруп, кеңдиги 24,5 метр, узундугу 70 метрди түзөт. Эки… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жер алдындагы жана үстүндөгү өтмөктөр курулат

Бишкекте жаңы жер алдындагы жана үстүндөгү өтмөктөр курулат.   Транспорт департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев билдиргендей, объектилер үч жерде жайгашат: Жибек Жолу проспектинде, Аламүдүн базарынын жанында,  7-апрель — Шоокум көчөлөрүнүн кесилишинде жана Түштүк магистралда Сухэ-Батор көчөсүнүн жанында.   Жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү ордо калаадагы унаа тыгындардын азайтууга… Кененирээк…

Талас шаарында ипотекалык көп кабаттуу турак-жайлардын курулушу башталды

Талас шаарында ипотекалык көп кабаттуу турак-жайлардын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. 9 кабаттуу үйлөрдө лифттер орнотулат.   Жалпысынан 405 батир болот. Ошондой эле комплекстин аймагында балдар, спорт аянтчалары жана унаа токтотуучу жайлар да каралган.

Кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аралыктан добуш бере алат

Кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аралыктан добуш бере алат.   Боршайком төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, шайлоочу катталган округуна кандайдыр бир себептер менен бара албай калса, башка округдан добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү бар.   Белгилеп кетсек, 30-ноябрда өлкө боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси ачылат.… Кененирээк…

Бишкекте эртең Калинин көчөсүнүн Салиева — Жибек Жолу тилкеси ачылат

Бишкекте эртең Калинин көчөсүнүн Салиева — Жибек Жолу тилкеси ачылат. Бул жерде капиталдык оңдоо иштери аткарылды. Учурда тилкеде жол чийиндери түшүрүлүп жатат.   Ал эми Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейнки бөлүгү оңдоо иштерине жабык. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.