Бишкектин бир бөлүгүндө 14-октябрда суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 14-октябрда суу жок болот.   Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түн жарымга чейин суу Алыкулов, Кустанай, Муромск, Ленская, Рыскулов көчөлөрүндө, Дэн Сяопин проспектинде, 110-квартал конушунда жана Достук кичи районунда өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айылында жаңы мектеп салынууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айылында жаңы мектеп салынууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектеп 275 орунга ылайыкталып, заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусунан жана спорт залдан турат.   Имараттын наркы  132 миллион сомду түзөт. Курулушту жыл аягына чейин аяктоо пландалууда.

Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого 2,4 миллиард доллар бөлүү макулдашылды

Камбар-Ата-1 ГЭСин каржылоого 2,4 миллиард доллар бөлүү макулдашылды. 9-10-октябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев Бельгияда форумга катышты.   Анын алкагында, Европа Биримдиги долбоорду каржылоо үчүн Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанга 2,4 миллиард доллар бөлүүгө макулдугун билдирип, үч мамлекет менен эки тараптуу документке кол койду. Анын ичинен эл аралык… Кененирээк…

Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү – негизги багыты

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы түзүлдү. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти. Сот аткаруучулар кызматынын негизги багыты — аткаруу документтерин мажбурлап аткарууну камсыздаган мамлекеттик орган катары иш алып баруу болуп саналат. Кызмат учурда коомчулук менен ачык байланыш түзүү, ишмердүүлүгү жөнүндө ыкчам жана так маалымат жеткирүү, ошондой… Кененирээк…

Нарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы толук асфальтталып бүттү

Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы асфальтталып бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда калган тилкелерине асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу уланып жатат. Жеринде 70 техника жана 100дөн ашык кызматкер иш алып барууда. Аны менен катар тротуар, бордюрларын куруу жана… Кененирээк…

Ат-Башыда эт азыктарын экспорттоо үчүн топоз фермасы түзүлүүдө

Ат-Башы районунда, Нарын облусунда «30+20+10» долбоорунун алкагында мал чарбасын өнүктүрүү үчүн топоз чарбасы тандалып алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда чарба ишмердүүлүгүн активдүү илгерилетүү иштери жүрүп жатат. Фермерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, топоздордун санын көбөйтүү жана өстүрүү, ошондой эле топоздун этин… Кененирээк…

Боомдо кооптуу таштар атайлап түшүрүлөт

Боомдо кооптуу таштар атайлап түшүрүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, иштер 13-17-октябрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-чакырымында жүргүзүлөт.   Буга байланыштуу эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол жарым-жартылай жабылат. Айдоочуларга каттамын эртелеп пландап алуу сунушталат.

Бүгүн өлкө аймагында добуш берүү процесси тестирлөөдөн өткөрүлүүдө

Бүгүн өлкө аймагында добуш берүү процесси тестирлөөдөн өткөрүлүүдө. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдиргендей, тестирлөө ошондой эле Россиянын 5 шаарында – Новосибирск, Иркутск, Красноярск, Москва, Екатеринбургда өткөрүлүп жатат.   Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2 миң 492 шайлоо тилкеси бар. Чет өлкөлөрдө 100 шайлоо тилкеси ачылат. Ошону менен… Кененирээк…

Кадамжайда мөмө-жемиштен өндүрүлгөн шире экспортко чыгууда

Кадамжай районунун Орозбеков айылында 2022-жылы «ЭКО-СОК» мөмө-жемишти кайра иштетүү ишканасы курулган. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкнедей, ишкана өздүк салымдын эсебинен каржыланып, учурда 4 жумуш орду түзүлгөн. Ишкананын жылдык кубаттуулугу – 10 миң литр. Мөмө жемиштен ар түрдүү шире өндүрүлүп,… Кененирээк…

149 жаран өзүнүн талапкерлигин көрсөттү

9-октябрга карата 149 жаран өзүнүн талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Анын айтымында, талапкерлигин койгондор тиешелүү документтерди БШКга тапшыра баштады. “Талапкерлигин койгон 149 жарандын 102си эркек, 47си аялдар. Талапкерлигин көрсөтүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык, жарандарда 30-октябрга чейин дагы мүмкүнчүлүк бар.… Кененирээк…