Ала-Арчада дүйнөлүк стандарттагы алгачкы родельбандын курулушу башталды

Ала-Арчада дүйнөлүк стандарттагы алгачкы родельбандын курулушу башталды. Курулушка капсула салынды. Президенттин иш башкармалыгынан билдиришкендей,  родельбандын узундугу 1 миң 200 метрден ашып, 36 заманбап чана орнотулуп, саатына 500гө чейин конокту кабыл ала алат.   Курулушту аяктоо 2026-жылдын март айына белгиленген.

Ноокат районунда эки сугат каналы пайдаланууга берилди

Ош облусунун Ноокат районунда Сапарбаев-1 жана Сапарбаев-2 суугат каналдары пайдаланууга берилди. Бул тууралуу “Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табийгый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун айыл чарба адиси Аман Юлдашев билдирди.   Анын айтымында, каналдарды куруу иштери Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып, жалпы 410 млн… Кененирээк…

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 14 билим берүү объектисин курат

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстанда 14 билим берүү объектисин курат.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигин маалыматына ылайык, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунун экинчи этабында 7 жаңы мектеп жана мектептерге 7 кошумча окуу корпусу курулат. Долбоорду 2026-жылы баштап 2029-жылы аяктоо… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 9-10-октябрда Тажикстанга болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эки жактуу күн тартибиндеги маселелерди, ошондой эле ар кандай тармактарда мындан аркы өз ара аракеттенүү келечегин… Кененирээк…

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабында 306 камера орнотулат

Жалпысынан республиканын аймагында коомдук жайларды көзөмөлдөөчү 3 миңден ашык видеобайкоо камералары бар. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Батырбаев  билдирди.   Анын айтымында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунан баштап, Баткен облусунун Лейлек районуна чейин коомдук жайларда орнотулган видео байкоо камералар Кырдаалдык борборлорго… Кененирээк…

Кыргызстанда бейтапканага “Түндүк” тиркемесинен эле каттоого туруп, дарыгерди үйгө онлайн чакыртууга болот

Кыргызстанда бейтапканага “Түндүк” тиркемесинен эле каттоого туруп, дарыгерди үйгө онлайн чакыртууга болот. Мобилдик тиркемеде ушундай эки медициналык жаңы кызмат ишке кирди.   Ал үчүн “Менин ден соолугум” бөлүмүнө өтүп, тизмеден “Поликлиникага онлайн тиркелүү” кызматын басуу керек. Ал эми дарыгерди үйгө чакыруу үчүн жаран “Менин ден… Кененирээк…