Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунда коло байгеге ээ болду

Спортчу Эрлан Шеров дзюдо боюнча Европа кубогунун коло байгесинин ээси болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Испаниянын Малага шаарында өттү.   300дөн ашуун мыкты спортчу күч сынашкан иш-чарада Эрлан Шеров үчүнчү орунга татыктуу болду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Чолпон-Атада Курулуш министрлигинин имараты курулууда

Чолпон-Атада Курулуш министрлигинин аймактагы башкармалыгынын имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти Долбоорго ылайык, жалпы аянты 251,91 чарчы метрди ээлеген имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмө болот. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 80 пайызы бүткөрүлдү.… Кененирээк…

Энергетика министрлигинин имаратына күн панелдери орнотулду

Бишкекте «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасы менен Энергетика министрлигинин кеңселери жайгашкан имараттарга күн панелдери орнотулду.   Жай мезгилинде алар электр энергиясынын болжол менен 30%ын камсыздайт, ал эми жылдык орточо көрсөткүч 15%дан 30%га чейин жетет.   Белгиленгендей, күн панелдерин орнотуу долбоору бир жолку демилге эмес —… Кененирээк…

Нарында 100 орундуу бала бакча курулууда

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин баасы 110 миллион сомду түзөт.   Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.   Бала бакча балдар үчүн бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Евробиримдик Кыргызстанга 17 млн евро берет

Каржы министрлигинен кабарлашкандай, өлкөнүн суу тармагын реформалоо үчүн гранттык негизде каржылоо жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Европа комиссиясынын ортосунда кол коюлду.   Демилге суу ресурстарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, инфраструктураны жакшыртууга жана аларды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында суу секторунда комплекстүү реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүүгө багытталган.… Кененирээк…

Бишкекте маал-маалы менен газ өчүрүлөт

“Бишкекгаз” кызматынан билдиришкендей, көгүлтүр от 13-14-октябрь күндөрү Ибраимов көчөсү, Жибек Жолу проспектиси, Сүйүнбаев көчөсү, Чүй проспектиси, Осмонкул, Москва, Токтогул, Абдрахманов көчөсүндө жок болсо, 14-15-октябрда Байтик баатыр, Медеров, Панфилов көчөсү жана Чоң Чүй каналы тарапта болбойт, ал эми 16-17-октябрь күндөрү Жукеев-Пудовкин, Токомбаев, Сухэ-Батор, Юнусалиев, Безымянная көчөсүндө… Кененирээк…

Кара-Кулжа жана Алайда заманбап коомдук-маданий борборлор курулууда

Кара-Кулжа жана Алай райондорунда мамлекеттик кызматтарды бир жерден көрсөтүүгө багытталган заманбап коомдук-маданий борборлордун курулушу жүрүүдө.   Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, үч кабаттуу бул имараттарда жергиликтүү тургундар жана райондун коноктору үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлөт.   Атайын долбоордун алкагында кинотеатр, машыгуу залы, банк бөлүмдөрү, тейлөөчү… Кененирээк…

Кел-Суунун жээгине этно стилдеги туристтик лагерь курулат

Кел-Суу көлүнүн жээгине этно стилдеги туристтик лагерь курулат.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорго ылайык, этно шаарча, заманбап мейманкана, унаа токтотуучу жай, оюн аянтчалары, ат минүүчү аянтча жана башка имараттар болот.   Бул демилге качан ишке аша турганы белгисиз.   Ушул… Кененирээк…

Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга гумжардам жеткирди

Кыргызстан Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирди.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, колдоо Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган кыргыздарга көрсөтүлдү. Аларга медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылды.   Экспедициянын алкагында кардиологдор, тиш дарыгерлер жана акушер-гинекологдор 700дөн ашык адамга медициналык жардам көрсөттү. Мындан… Кененирээк…

Европадагы банктар «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун каржылашы күтүлүүдө

Европа Биримдигине кирген банктар “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушун каржылоого 1 миллиард долларга чейин каражат бериши күтүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, өткөн аптада министр Таалайбек Ибраев Бельгияда форумга катышкан. Анын алкагында Европа инвестициялык банкы жана Европа өнүктүрүү жана реконcтрукциялоо банкынын өкүлдөрү менен… Кененирээк…