Бишкектин башкы планынын долбоору ноябрда коомдук талкууга чыгат

Бишкектин жаңы башкы планынын долбоорун ноябрь айында коомдук талкууга чыгаруу пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Азамат Кадыров билдирди.   Анын айтымында, каалоочулар өз сунуштарын жөнөтө алышат.   Башкы план шаарды 2050-жылга чейинки өнүктүрүүнү камтыйт. Долбоор Бишкек шаарынын аймагын туруктуу өнүктүрүүгө, жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө… Кененирээк…

Тигүү цехтеринин жана ири фабрикалардын көбү Бирдиктүү салык режимине өттү

Кыргызстандагы тигүү цехтеринин жана ири фабрикалардын көбү Бирдиктүү салык режимине өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.   Анын айтымында, эки-үч жыл мурун тигүү тармагы үчүн 0,25% өлчөмүндөгү салык чени киргизилген. Бул абдан төмөн көрсөткүч болуп саналат жана мунун аркасында… Кененирээк…

Таласта реконструкцияланып жаткан “Манас Ордо” комплексинде эпостогу окуялар 12D эффект менен көрсөтүлөт

Таласта реконструкцияланып жаткан “Манас Ордо” комплексинде эпостогу окуялар 12D эффект менен көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.   Андан такташкандай, иштердин алкагында музей кеңейтилип, жаңы муундагы экспозиция түзүлөт. “Манас” эпосундагы окуялар, Семетей, Сейтек жана чоролордун өмүр баяндары жаңы технология жолу менен чагылдырылат. Андан тышкары,… Кененирээк…

Кыргызстанда жашоо мининимумунун өлчөмү 8 миң 758 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо мининимумунун өлчөмү 8 миң 758 сомду түздү.   Жылдын үчүнчү кварталына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көп.   Өсүш өлкөнүн бардык аймактарында катталды. Белгилеп кетсек, жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүктүн,… Кененирээк…

Өзгөн районунун Алга айылында бала бакчанын курулушу аяктап калды

Өзгөн районунун Алга айылында бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси  90 орундуу, эки кабаттан турат. Анда балдар үчүн бардык шарттар түзүлдү. Бакча жыл аягына чейин ишке кирет деп… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы аллея ачылды

Ош шаарында жаңы аллея ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымдашты. Аллея Алымбек датка жана Нурматов көчөлөрүнүн кесилишине жайгашкан. Аймагы көрктөндүрүлүп, эс алуучулар үчүн бардык шарттар түзүлдү.   Эске салсак, Токтогул эс алуу багынын четиндеги бул аллеянын ордунда мурда кафе болгон.  

Ысык-Көлдөгү “Жууку” курорту реконструкцияланат

Ысык-Көлдөгү “Жууку” курорту реконструкцияланат. Облус администрациясынан билдиришкендей, бул максатта кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 30 миллион сом бөлөт.   Бул каражатка бөлмөлөр жаңыланып, тамактануучу жайлар салынат. Реконструкциянын биринчи этабы аяктагандан кийин курорт 50 адамга чейин кабыл алат. Андан тышкары, долбоордун алкагында курорттогу жабык бассейндер дагы оңдолуп, дары… Кененирээк…

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бекитилди

Кыргызстанда көмүрдүн баасы бекитилди. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, эң кымбат кара отун Баткен облусунда — тоннасы  7 миң сомдон 10 минге чейин.   Чүй облусунун тургундары көмүрдү 6 миң — 7,5 миң сомго чейин алса болот.   Ошто — баалар 4,5 миңден башталып, 9 миң… Кененирээк…

Данияда 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактар менен колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

Данияда 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактар менен колдонууга тыюу салынышы мүмкүн. Бийлик гаджеттер жана соцтармактар балдарга терс таасир тийгизет деген пикирде.   Атайын изилдөөдө маалым болгондой, 11-19 жаштагы эркек балдардын 60 пайызында жашоодо достору жок. Тиешелүү мыйзам жаңы жылда күчүнө кирет.

Экономика министрлигине караштуу Туризм фондунун директору болуп Адилет Жанузаков дайындалды

Экономика министрлигине караштуу Туризм фондунун директору болуп Адилет Жанузаков дайындалды. Ал буга чейин Юстиция министрлигинин алдындагы Кайтаруу жана конвой кызматын жетектеп келген. 39 жаштагы Жанузаков кесиби боюнча аскер кызматкери.   Туризм фондунун директору кызматын 1 ай аркалаган Данияр Косумбаев ээлеген ордунан бошотулду.