Бишкекте №153 экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады

Бишкекте №153 Асанбай – “Манас” эл аралык аэропорту экспресс-каттамы түнкүсүн да жүрө баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Эми жүргүнчүлөр аэропортко жана кайра шаарга түн ичинде да ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Түнкү каттамдардын убактысы: 00:00; 03:00 жана 05:00. Эске салсак, автобус атайын белгиленбеген жерде токтобойт.… Кененирээк…

Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт

20-октябрдан 31-октябрга чейин Боом капчыгайынын аймагында кооптуу таштар түшүрүлөт.   «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришкендей, буга байланыштуу жол жарым-жартылай жабылат.   Таш түшүрүү иштери эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жүргүзүлөт. Айдоочулар каттамдарын алдын ала пландап алышы керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Өзгөн райондук сотунун жаңы имаратынын курулушу башталды

Өзгөн райондук сотунун жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Заманбап имарат мамлекеттик каржылоо менен курулуп, жалпы аянты 6 миң 345 чарчы метр жер тилкесинде жайгашат. Ал эми имараттын өзү 2 миң 760 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат.… Кененирээк…

Анкара көчөсү тарапта ичүүчү суу бир күнгө токтойт

Бишкектин Анкара көчөсү тарапта ичүүчү суу бир күнгө токтойт.   Муниципалитеттен маалымдашкандай, 23-октябрдагы өчүрүү Анкара көчөсү, Чоң Чүй каналы, Аламүдүн суусу, темир жол тилкесин камтыйт. Бул райондо жайгашкан турак үй, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде суу… Кененирээк…

Сокулукта Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жаңы филиалы ачылды

Чүй облусунун Сокулук районунда Каржы министрлигине караштуу Ишкердикти өнүктүрүү фондунун жаңы филиалы ачылды. Жаңы кеңсенин ачылышы менен Ишкердикти өнүктүрүү фондунун филиалдарынын саны 14кө жетти. Аталган фонд ишкерлер үчүн жеткиликтүү каржылоону камсыз кылуу жана региондордун экономикалык өнүгүүсүн колдоо максатын көздөйт. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир ротордук жаңы унаа токтотмо ачылды

Бишкекте дагы бир ротордук жаңы унаа токтотмо ишке кирди.   Мэриядан билдиришкендей, ал Аламүдүн базарынын аймагында жайгашкан. Бул жай унаа токтоочу жерлерди үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет.   Заманбап жабдуу 10 унаага эсептелген. Төлөм QR-код аркылуу кабыл алынат. Төлөм жүргүзгөндөн кийин айдоочу чекти операторго көрсөтүп, токтотмодон чыга… Кененирээк…

Ош шаары кар тазалоочу жаңы техникаларды сатып алды

Муниципалитеттен билдиришкендей, муну менен шаар быйыл беш эсе көп техника менен камсыздалды.   Маалыматка ылайык, буга чейин Ошто кышкысын 5-6 гана жабдуу иштеп, жумушчулар кум-туз аралашмаларын кол менен чачууга мажбур болчу. Эми калаада 26 техника бар жана алар тротуарларды кошо тазалайт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Билим берүү мекемелеринин лицензияларын соттун чечимисиз эле токтотуу сунушталды

Кыргызстанда билим берүү мекемелеринин лицензияларын соттун чечимисиз эле токтотуу сунушталды.   Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин демилгеси Ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды. Ага ылайык, тиешелүү укук билим берүү ишмердигин лицензиялоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарга берилиши керек.   Мыйзам президент жарлыкка… Кененирээк…

Кыргызстандын тышкы соодасы азайды

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын январь-август айында өлкөдө товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 9 млрд 848,1 млн долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөн.   Мунун ичинен экспорттук жөнөтүүлөр 23,7%, ал эми импорттук келип түшүүлөр 5,2% азайды.… Кененирээк…

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жоопкерчилик күчөтүлөт. Президент Садыр Жапаров мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш документти 11-сентябрда кабыл алган.   Аталган мыйзам менен уй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн адамга камактын мөөнөтүн 7 суткадан 14 суткага чейин көбөйтүү каралат. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу укук бузууларды жасагандыгы үчүн сот… Кененирээк…