Ош облусунда жаңы мектептин курулушу башталды
Ош облусунда жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 275 орундуу мектеп Араван районунда жайгашат. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн бардык шарттар каралат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Жалпы баасы 181 миллион сомду түзөт.









