Ак-Талаа районунун Баетов айылында бала бакча курулууда

Ак-Талаа районунун Баетов айылында бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Долбоор республикалык бюдеттин эсебинен каржыланып, жалпы баасы 179 миллион сомду түзөт.   Бакча 240 орунга ылайыкталып, жалпы аянты 2 миң 620 чарчы метр болгон эки кабаттуу имараттан турат.

Кыргызстанга жыл башынан бери 86 миң 676 жеңил унаа ташылды

Кыргызстанга жыл башынан бери 86 миң 676 жеңил унаа ташылды. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2024-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 7 пайызга төмөндөдү.   Импорттолгон унаалардын жалпы баасы 694 миллион доллардан ашат. Машинелердин көбү Түштүк Корея, Кытай, Россия жана Грузиядан ташылган.

Дүйнөнүн эң кымбат футболчулары аталды

Дүйнөнүн эң кымбат футболчулары аталды. Transfermarkt порталы билдиргендей, лидерлик позициясы Ламин Ямаль сактап калды. 18 жаштагы “Барселонанын” оюнчусунун баасы 200 миллион еврону түзөт.   Экинчи орунда үч футболчу жайгашат — Джуд Беллингем, Эрлинг Холанн жана Килиан Мбаппе. Алардын наркы 180 миллион евро. Андан кийин Винисиус… Кененирээк…

Баткен районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Баткен районунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 500 орундуу объект Жаңы-Жер айылында жайгашат.   Имаратта окуу класстарынан тышкары өтмөк галерея жана спорт зал каралган. Бүгүнкү күнгө карата иштер 65 пайызга аткарылды. Долбоордун баасы 164 миллион сомду түзүп, каражат… Кененирээк…

Кыргызстандыктар 7-8-ноябрда иштейт

Кыргызстандыктар 7-8-ноябрда иштейт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен эскертишти. Ведомство маалыматына ылайык, бул күндөрү өлкөдө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү белгиленип, мамлекеттик майрам болуп эсептелет.   Бирок эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул күндөрү дем алыш жарыяланбайт, болгону иш убактысы бир саатка кыскарат.

Бишкек — Кант — Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда

Бишкек — Кант — Токмок унаа жолуна асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Учурда жумуштар трассанын Калинин көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, жолдун оң тарабында жүрүп жатат. Андан кийин тротуар, лоток орнотуу жумуштары башталат.   Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери 332 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду

Кыргызстанда жыл башынан бери 332 миң “акылдуу” эсептегич орнотулду. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, долбоор Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашууда.   Ал электр энергиясынын жоготууларын кыскартууга, каттоонун ачыктыгын камсыздоого жана инфраструктураны жакшыртууга багытталат. Жыл аягына чейин жалпы акылдуу эсептегичтердин санын 500 миңге жеткирүү пландалууда. Иштер… Кененирээк…

Бишкек — Ош унаа жолу менен автобустардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

Бишкек — Ош унаа жолу менен автобустардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди.   Ал 15-октябрдан 2026-жылдын 1-майына чейин күчүндө болот. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.   Аталган мезгил аралыгында коомдук транспорт “Сосновка” пункту аркылуу өткөрүлбөйт. Мындай чара кышында жол кырсыктарын алдын алуу жана жүргүнчүлөрдүн… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, 407 талапкер арыз тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, 407 талапкер арыз тапшырды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Боршайкомдон белгилешкендей, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт.   Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287… Кененирээк…

Ош жана Чүйдө кырсыктан жабыркагандарга жардам берилет

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Чүйдүн Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.   Президенттин кайрылуусун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда мамлекеттик органдар каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрөрү… Кененирээк…