Нарында облустук, шаардык жана райондук прокуратуранын жаңы имараттары курулууда

Нарын шаарында облустук, шаардык жана райондук прокуратуранын жаңы имараттары курулуп жатат. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулуп жаткан имараттар төмөнкү даректерде жайгашкан: Нарын шаарынын А.Молдоев көчөсү 170/5 дарегинде райондук, С.Жакыпов 17де шаардык, ал эми  Ленин көчөсү 105 дарегинде облустук прокуратуранын имараты курулууда. Бүгүнкү… Кененирээк…

Өлкөдө «Рулда» аталышындагы ири масштабдагы рейд башталды

Өлкө аймагында «Рулда» аталышындагы ири масштабдагы рейд башталды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, рейд айдоочулардын жолдо жүрүүдө  жоопкерчилигин жогорулатуу жана  жол кырсыктарынын алдын алуу максатында 24-октябрдан 27-октябрга чейин өтмөкчү. Рейд учурунда мас абалында унаа башкаргандарга, катуу ылдамдыкта айдагандарга, ошондой эле жасалма номерлерди… Кененирээк…

Ак-Талаанын Баетов айылында маданий борбор курулат

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. Камчыбек Ташиевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев… Кененирээк…

Кыргызстанда популярдуу туристтик жайларга баруучу жолдорду оңдоо иштери уланууда

Кыргызстанда популярдуу туристтик жайларга баруучу жолдорду оңдоо иштери уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Каркыра — Турук — Сары-Жаз каттамынын тилкеси, Арстанбап, Сары-Челек жана Ысык-Колдөгү пансионаттарга баруучу жолдор жаңыртылды.   Учурда оңдоо иштери Жыргалаң курортуна, Кырчын жайлоосуна баруучу жолдорунда жана Арашан — Чуңкурчак каттамында… Кененирээк…

Москвада компаниялардын бири өзгөчө вакансия жарыялады

Москвада компаниялардын бири өзгөчө вакансия жарыялады.   Тактап айтканда жаш кызматкерлер үчүн “антидепресс менеджер” талап кылынат. Анын милдеттерине зумерлер кайгырбай, жумушта чөкпөй жүрүшүн байкоо кирет.   Башкы талап: менеджер тамашакөй болуп, адамдарды жакшы көрүшү керек. Ал жумушта чай даярдайт, кызматкерлерге массаж кылат жана жумуштан кийин… Кененирээк…

Талас облусунда Кара-Суу айылында жайгашкан мектеп капиталдык оңдоодон өтүүдө

Талас облусунда Кара-Суу айылында жайгашкан мектеп капиталдык оңдоодон өтүүдө.   Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, кайра калыбына келтирүү иштерине каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.   Учурга карата жумуштардын 75 пайызы аткарылды. Мектеп имараты 39 жыл мурда курулуп, ал биринчи жолу капиталдык оңдоодон өтүп… Кененирээк…

Кыргызстанда туристтик жыйым киргизүү сунушталууда

Кыргызстанда туристтик жыйым киргизүү сунушталууда. Каржы министрлиги даярдаган мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.   Жыйым мейманкана, жатакана, санаторий, эс алуу жана конок үйлөрү сыяктуу объектилерде убактылуу жашаган жеке адамдардан алынат.   Ал салыктык эмес төлөм катары каралып, түшкөн каражат туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана маданий мурастарды… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров аскердик жана чукул кырдаалдарды жөнгө сала турган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров аскердик жана чукул кырдаалдарды жөнгө сала турган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Документке ылайык, аскердик аракеттер болуп жаткан кырдаалда жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо боюнча парламенттик көзөмөл чектелбейт.   Андан тышкары, чуку кырдаал жарыяланганда бийлик транспорттун кыймылына, анын ичинде чет… Кененирээк…

Алкоголь, тамеки жана таттуу суусундуктардын баалары жогорулашы мүмкүн

Алкоголь, тамеки жана таттуу суусундуктардын баалары келерки жылы 1,5-2 эсе жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов билдирди.   Анын айтымында, өкмөт зыяндуу азыктардын акциздик баасын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат, бул категорияга аталган товарлар кирет. Мындай чечим жарандардын саламаттыгына… Кененирээк…

Жыл башынан бери 1 миң 200 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Кыргызстанда жыл башынан бери 1 миң 200 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев билдирди.   Министрдин айтымында, бул башка жылдарга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүч. Ал белгилегендей, соңку жылдары жол тармагына өзгөчө көңүл бурулууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…