Шайлоо күнү чет өлкөлөрдө жалпы 91 добушкана ачылат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо күнү чет өлкөлөрдө кошумча дагы 20 добушкана ачыларын, ошону менен алардын жалпы саны 91 болорун билдирди. Мындай токтом 24-октябрда кабыл алынды. Ага ылайык, Орусияда кошумча 14, Казакстанда эки, Түштүк Корея, Италия, Сауд Арабия жана Египетте бирден… Кененирээк…

Бишкекте миңден ашык гараж бузулат

Бишкек мэриясы муниципалдык жердеги 1000ден ашуун гараждарды буза баштады. Бул туурасында шаар башчылыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Гараж ээлерине жерди беш күн ичинде бошотуу тууралуу эскертме берилген. Азырынча Репин — Космическая көчөлөрүнүн кесилишиндеги 701 гараждын 15и, ал эми Лумумба көчөсүндөгү 422 жайдын 10дон ашыгы алып салынды.… Кененирээк…

Ак-Ордодо 750 орундуу дагы бир чоң мектептин курулушу жүрүүдө

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунда 750 орундуу дагы бир чоң мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 343 млн сомду түзөт. Жалпы аянты 6 416 чарчы метр болгон мектеп 4 блоктон турат. Заманбап талаптарга жооп берген… Кененирээк…