Кыргызстан 20 жана 50 сомдук банкнотторду өзү чыгара баштайт

Бул тууралуу Улуттук банктын жаңы имаратынын ачылышында белгилүү болду.   Иш-чарада өлкөнүн башкы каржы мекемесинин төрагасы Мелис Тургунбаев аталган банкноттор кийинки айда даяр болорун айтты.   Белгиленгендей, учурда кагаз иштери аягына чыгып калды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанда айыл чарбасын каттоо кийинки жылга жылдырылды

Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, өнөктүк 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт.   Улуттук статистика комитети буга чейин кабарлагандай, өлкөдө айыл чарбасын каттоо 1-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлмөк.   Каттоо 10 жылда бир жолу өткөрүлөт жана чогултулган маалыматтар натыйжалуу агрардык саясатты иштеп чыгуу, азык-түлүк коопсуздугун… Кененирээк…

ЕРӨБ Базар-Коргонду таза суу менен камсыздоого 3,3 млн евро бөлдү

Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Базар-Коргон шаарын таза суу менен камсыздоо үчүн 3 млн евродон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, бул экинчи транш жана каражаттын бир бөлүгү грант түрүндө берилет.   Анын алкагында шаарды суу менен камсыздоо инфраструктурасы модернизацияланып,… Кененирээк…

Бишкек — Кант — Токмок жолуна асфальттын биринчи катмары төшөлдү

Бишкек — Кант — Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери аяктады.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта убактылуу жол сызыктары чийилип, эки тараптуу каттам берилди.   Долбоорго ылайык, көпүрөнү оңдоо, тротуар жана лоток орнотуу жумуштары да жүргүзүлөт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Ноокаттагы орто мектеп 35 жылдан соң капиталдык оңдоодон өтүүдө

Ош облусунун Ноокат районундагы орто мектеп 35 жылдан соң капиталдык оңдоодон өтүүдө.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө окуу имаратынын ички жасалгалоо жана жылытуу системасын орнотуу иштеринин 90 пайызы бүткөрүлүп, имараттын сырткы иштери уланууда.   Жалпы аянты 3 миң 500 чарчы метрди түзгөн мектептин ремонт… Кененирээк…

Кара-Көл шаарына да көп кабаттуу ипотекалык үйлөр курулат

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жеринде билдиргенин “Кабар” агенттиги жазды.   Маалыматка ылайык, турак жайлар беш же тогуз кабаттуу болот.   Белгиленгендей, курулуш иштери жазында башталып, бир-эки жылдын ичинде батирлер колдонууга берилет.   Өлкө башчынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө мамлекеттик ипотека аркылуу 13 миңден ашык… Кененирээк…

Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө 201 млн сом насыя берилди

«Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү» долбоору боюнча 200 млн сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди.   Каржы министрлигинен билдиришкендей, каражатты 57 субъект алды.   Бул долбоорду ишке ашырууга эки мамлекеттик банк катышууда. Каржылоонун жалпы көлөмү 1 млрд 850 млн сомду түзөт.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Жыл башынан бери 3,5 миңден ашык адам мамлекеттик ипотекадан батир алды

Кыргызстанда жыл башынан бери Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 3 миң 621 адам батир алды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман резиденс 4” турак жай комплексиндеги үйлөрдү элге тапшырып жатып айтты.   Ал эми ушул күнгө чейин 13 миңден… Кененирээк…

Баткендин Жаңы Достук айылында социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат

Кыргыз–тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы боюнча көчүрүлө турган айылдардын жашоочуларына салынган Жаңы Достук айылында социалдык объектилердин курулушу жүрүп жатат.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жеке турак үйлөрдүн курулушу аяктап, учурда мектеп, бала бакча жана ФАП салынып жатат. Ошондой эле айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү багытында… Кененирээк…

Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплекси пайдаланууга берилди

Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы “Асман-Резиденс-4” көп кабаттуу турак жай комплекси пайдаланууга берилди. Бүгүн мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу үйлүү болгондорго ачкычтарды президент Садыр Жапаров тапшырды.   Тогуз кабаттуу турак жай комплекси 12 блоктон туруп, жалпысынан 945 батирди камтыйт. Өлкө башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкө аймагында… Кененирээк…