Манас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жаңы жай ачылды

Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, объект Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы тарабынан каржыланып, жалпысынан 5 млн евродон ашык каражат сарпталды.   Бул акчага административдик-чарбалык имарат толугу менен реконструкцияланып, механикалык, биологиялык тазалоочу жай, эки тазалоочу курулма курулду.   Саркынды сууларды тазалоочу бул жер суткасына 20 миң метр куб… Кененирээк…

Акыйкатчы Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу көйгөйдү чечпейт деп эсептейт

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу көйгөйдү чечпейт деп эсептейт. Ал бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушууда айтты.   «Андан көрө тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкердин… Кененирээк…

Мал-жандыкты күзгү эмдөө иштери 102 пайызга аткарылды

Кыргызстанда мал-жандыкты күзгү эмдөө иштери 102 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда республика боюнча ветеринардык кызматтар тарабынан мал-жандыктардын ар кандай жугуштуу ооруларынын алдын алуу максатында күзгү эмдөө жана профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы… Кененирээк…

Шайлоого катышуу ниетин билдирүү боюнча арыздарды кабыл алуу бүгүн аяктайт

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирүү боюнча арыздарды кабыл алуу бүгүн аяктайт. БШК эскерткендей, кечки саат 6дан кийин арыздар кабыл алынбайт. Соңку маалыматка ылайык, арызды 550дөн ашуун адам берди.   Эми 2-ноябрга чейин алар документтердин толук пакетин тапшырышы керек. Аларды талапкер катары… Кененирээк…

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Европа өлкөлөрүнө экспорттоло баштады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, багбанчылык соңку жылдары Кыргызстанда динамикалуу өнүгүүдө. Бул жаатта салттуу лидерлер болуп Баткен жана Ысык-Көл облустары эсептелет.   Мөмө-жемиш продукцияларынын негизги экспорттук рыноктору Россия жана Казакстан болгону менен Европа, Түркия, Араб мамлекеттеринде да кызыгуу артууда.… Кененирээк…

«Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоору боюнча 4,08 млрд сом насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо-13» долбоордун алкагында дээрлик 5 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди.   Каржы министрлигинен билдиришкендей, насыяны 6 миң 500дөй товар өндүрүүчү алды.   Каражат мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, сууну үнөмдөөчү технологиялар жана лизинг боюнча берилип келет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандарга дээрлик 12 млн сом айып салынды

Жыл башынан бери өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандарга дээрлик 12 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, сумма 2024-жылдын тогуз айына салыштырмалуу эки эсе көп. Бул убакыт аралыгында 6 миң 500дөн ашуун текшерүү жүргүзүлгөн. Айып пул мамлекеттик мекемелер менен жеке… Кененирээк…

Ноокат районунун Чапаев айылына 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Ноокат районунун Чапаев айылына 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, башкы план боюнча аянты 2,5 миң чарчы метр болгон мектеп беш блоктон турат.   Курулуш иштери заманбап үлгүдө жүргүзүлүп эки кабаттуу окуу корпусу спорт залы менен курулат.  Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып,… Кененирээк…

Ошто 110 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди

Ошто 110 кВ “Кең-Сай” көмөк чордону пайдаланууга берилди.   Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Көмөк чордонду куруу иштери “Кыргызстан улуттук электр тармагы” тарабынан ишке ашырылып, жалпы  18 миллион 500 миң сом сарпталды. Жаңы подстанциянын ишке кирүүсү менен Кең-Сай жаңы конушун, Гулбаар, Кеңеш жана Жапалак айылдарын… Кененирээк…