Быйыл энергетика тармагына 130дан ашык атайын техника сатып алынды

Ушул жылдын тогуз айында энергетика тармагына өздүк каражаттын эсебинен 136 даана атайын техника сатып алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана мекемелердин коллегиясында айтылды. Маалыматка ылайык, “Кыргызкөмүр” ишканасына — 29 техника, “Чакан ГЭС” ишканасына — 5 жеңил автоунаа, “КУЭТ” ААК — 91 даана атайын… Кененирээк…

Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматка караганда, 4-5-ноябрда өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен жааган жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.   Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан… Кененирээк…

Ош шаарында көп кабаттуу унаа токтоочу жай курулат

Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, учурда бул боюнча долбоор иштелип чыкты. Ага ылайык, унаа токтотуучу жай шаардын күн чыгыш тарабындагы Н.Исанов көчөсүндө жайгашат.   Объект жалпы 5 кабаттан туруп, 125 унаага ылайыкташат.   Белгиленгендей, түштүк калаада дагы унаа тыгыны жана унаа токтоочу жайлардын жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бирине… Кененирээк…

Ноокат районунда дээрлик 17 миң тургун таза суу менен камсыз болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн Жийде, Каранай жана Сарыканды айылдарында скважина курулду.   Маалыматка ылайык, жылпысынан 5 суу кудугу даярдалып, 15 млн сомдук жумуштар аткарылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Таш-Көмүрдө 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди

Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма айылында 96 батирлүү ипотекалык үйлөр пайдаланууга берилди.   Novosti.kgге калаа башчы Келсинбек Бектемиров билдиргендей, төрт кабаттан турган эки турак жай мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте тургандарга тапшырылды.   Үйлөргө негизинен мугалимдер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле социалдык жактан муктаждар ээ болушту.… Кененирээк…

Бишкектин борборундагы жер астындагы комплекстин курулушу 80 пайызга аяктап калды

Мэриядан билдиришкендей, Чүй проспектисинде унаа кыймылы жаңы жылга чейин толук ачылат.   Маалыматка ылайык, жакын арада жердин үстүн тегиздөө, асфальттоо жана айлана-тегеректи көрктөндүрүү иштери башталат. 250 орундуу унаа токтотуучу жайдын 60 пайыздан ашыгы даяр болду.   Комплекстин курамында эки деңгээлдүү паркинг, көрктөндүрүлгөн жөө жүрүүчү зоналар… Кененирээк…

Жаңы конуштарда көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салуу пландалууда

Бишкектеги жаңы конуштарда көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу борбордун башкы архитекторунун орун басары Азирет Акимов билдирди.   Мындай норма шаардын жаңы башкы планынын долбооруна киргизилген.   Акимовдун айтымында, бир же эки кабаттуу үйлөр жайгашкан аймактарда андан бийик имараттарды курууга болбойт; 4-5… Кененирээк…

Лейлек районунун Ак-Суу айылы таза суу менен камсыз болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үчүн жергиликтүү айыл өкмөттүн бюджетинен 1 млн 800 миң сом бөлүнүп, 1 миң 200 метр аралыктан суу түтүктөрү тартылып келген.   Натыйжада калктын таза сууга муктаждыгы толук чечилди.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда

Талас облусунун кире беришиндеги арка реконструкцияланууда. Облустук өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, учурда арканын айланасындагы эски контейнерлер жана убактылуу курулуштар алынууда.   Жол төрт тилкеге чейин кеңейтилди. Жаңы инфраструктуранын алкагында кофейня, эне жана бала үчүн бөлмө, жылытуу пункту, дааратканалар жана жашыл эс алуу аймагы курулмакчы.

Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна баруучу жолдор оңдолууда

Ысык-Көлдө Кырчын жайлоосуна баруучу жолдор оңдолууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Семёновка–Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырымдык жана Григорьевка–Көл–Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырымдык тилкесин, жалпысынан 34 чакырым жолду асфальттоо пландалган.   Андан тышкары, жолду кеңейтүү, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана көпүрөлөрдү оңдоо иштери да жүрүүдө. Долбоор… Кененирээк…