ЖКККББга жаңы жетекчи дайындалды

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы болуп Азенбек Козукеев дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.   Азенбек Козукеев буга чейин Талас облусунун ички иштер башкармалыгын жетектеп келген.   Ал эми ага чейинки жетекчи Жеңишбек Жоробеков Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иш-чаралар начар… Кененирээк…

Аялдамаларга токтогон унааларга каршы ири рейд башталды

Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы масштабдуу рейд башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Анын алкагында коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жараткан машинелер алынууда.   Айдоочуларга унаасын тиешелүү жерлерге гана токтотуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Быйылкы IV Элдик курултайга 700 делегат шайланды

Быйылкы IV Элдик курултайга 700 делегат шайланды.   Президенттик администрация башчысынын орун басары Азамат Кыдыралиев жер-жерлерде курултайга делегат шайлоо жараяны аяктаганын билдирди.   Маалыматка ылайык, бул жараян 231 айыл аймагында жана 33 шаарда өттү. Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, быйыл IV Элдик курултай 25-декабрда өтөт.

Кытайда алтын буюмдарды кабыл алып, акчасын ээсинин эсебине которгон уникалдуу банкомат пайда болду

Кытайда алтын буюмдарды кабыл алып, акчасын ээсинин эсебине которгон уникалдуу банкомат пайда болду. Аппарат 3 граммдан өйдө болгон зер буюмдарды кабыл алат.   Автоматташкан система анын пробасын аныктап, Шанхай алтын биржасынын эсеби боюнча баасын чыгарып, акчасын ошол замат которот. Инновациялык сервис жарандарды ломбарддарга баруу, ал… Кененирээк…

Муниципалдык инспекция суук түшүшү менен абаны коргоо жана жылытуу мезгилинде экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча чараларды күчөттү

Муниципалдык инспекция суук түшүшү менен абаны коргоо жана жылытуу мезгилинде экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча чараларды күчөттү.   Мэриядан билдиришкендей, акыркы жумада колдонулган унаа майларын, тиричилик таштандыларын жана башка тыюу салынган материалдарды өрттөө фактылары катталды.   Жалпысынан 148 рейд өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 231 экологиялык… Кененирээк…

Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө

Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Жолчулар тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары… Кененирээк…

Чаткал районунун Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдары таза суу менен камсыздалат

Чаткал районунун Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдары таза суу менен камсыздалат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда курулуш иштерин баштоо боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.   Долбоордун жыйынтыгында аталган айылдарга жалпы узундугу 10 миң метр суу түтүгү тартылып, 1 миң… Кененирээк…

Борбордук шайлоо комиссиясы чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн дагы  3 шайлоо тилкесин түздү

Борбордук шайлоо комиссиясы чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн дагы  3 шайлоо тилкесин түздү. БШКнын маалыматы боюнча, жаңы шайлоо тилкелери Казакстандын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында түзүлдү.   Ошону менен чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо тилкеси иштейт. Белгилеп кетсек, буга чейин БШК чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 4-5-ноябрда Египет Араб Республикасына болгон расмий сапары аяктады. Каир шаарындагы “Аль-Иттихадия” президенттик сарайында президент Садыр Жапаровдун Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Президент Садыр Жапаров Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мамлекет башчылары… Кененирээк…

Нарын облусунун Кочкор айылында мектептин кошумча корпусу курулууда

Нарын облусунун Кочкор айылында мектептин кошумча корпусу курулууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект 500 орунга чакталган. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып, жалпысынан 261 миллион сом багытталды. Учурга карата иштер 70 пайызга аткарылды.