Кемин районунда жыл аягына чейин кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясы ишке берилет
Кемин районунда жыл аягына чейин кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясы ишке берилет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, учурда негизги жабдууларды алып келүү иштери аяктап, көмөк чордондун курулушу уланып, 220 кВ электр чубалгыларынын пайдубалы куюлду. Андан тышкары, күн батареяларын орнотуу иштери жүрүп жатат.









