Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

Бишкекте 8-9-ноябрь күндөрү Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат. Биринчи май райондук администрациясынан билдиргендей, чектөө жол чийиндерин жаңылоого жана пландык оңдоо иштерин аткарууга байланыштуу. Администрация шаар тургундары менен конокторун каттамдарды алдын ала пландаштырууга чакырып, кыймылдын убактылуу жабылышына байланыштуу мүмкүн болуучу… Кененирээк…

Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 5-6-ноябрда Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы «Эндрюс» авиабазасына конду. Экинчи күнү Садыр Жапаров АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Жеймс Риш жана Конгресстин сенаторлору менен жолугушту. Саясий жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери, ошондой… Кененирээк…

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктаганын жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктаганын жарыялады. Жалпысынан 467 талапкер катталды. Белгилеп кетсек, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.   Ар бир округдан үч мандат үчүн талапкерлер ат салышат. Парламентке 30 округдан 90 депутат шайланып келет.

Токмоктун мурдагы мэри коррупцияга айыпталып, 13 жылга кесилди

Коррупциялык иштерге айыпталган Токмоктун мурдагы мэри Максат Нусувалиев 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Октябрь райондук соту билдирди. Маалыматка караганда, анын кол алдындагы кызматкерлери менен подрядчы компаниянын жетекчисин дагы камакка алуу чечими чыгарылган. Алар төмөнкү беренелер боюнча күнөөлүү деп табылды: Максат Нусувалиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин… Кененирээк…

Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталды

Борбор калаада самбо боюнча дүйнө чемпионаты салтанат менен ачылып, ишин баштады. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты. Спорттук таймаш бүгүн башталып, 9-ноябрга чейин уланат. Ага дүйнөнүн 73 өлкөсүнөн 659 спортчу келген. Жалпысынан 31 медаль топтому ойнотулмакчы. Иш-чаранын ачылышына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. «Бул спорт адамдарды… Кененирээк…

БШК талапкерлердин бюллетендеги ордун аныктоо үчүн чүчү кулак өткөрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эртең 8-ноябрда 30 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезегин аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт. БШКдан кабарлашкандай, шайлоого катышуу ниетин билдиргендерди расмий талапкер катары каттоо бүгүн 7-ноябрда жыйынтыкталат. БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш… Кененирээк…