Токтогулдун үч айылын органикалык аймакка өткөрүү пландалууда

Токтогул районунун үч айылын органикалык аймакка өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул багытта Кара-Күнгөй, Ак-Тектир жана Бел-Алды айылдары тандалып алынган.   Учурда адистер дыйкандарга органикалык өндүрүштүн артыкчылыктары, топурактын табигый түшүмдүүлүгүн сактоо жана… Кененирээк…

Аз камсыз үй-бүлөлөр менен 12 миң 200дөн ашык “Социалдык контракт” түзүлдү

Бүгүнкү күнгө карата аз камсыз үй-бүлөлөр менен 12 миң 200дөн ашык “Социалдык контракт” түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.   Анын алкагында айыл чарба, өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда бизнес долбоорлор ишке ашырылууда.   Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоору… Кененирээк…

Калмак-Ашуу ашуусу унаа кыймылына жабылды

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 275-чакырымындагы Калмак-Ашуу ашуусу унаа кыймылына жабылды.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, кыймыл болжол менен апрель айына чейин чектелет. Мындай чара кар көчкү коркунучуна жана кышкы катаал аба ырайына байланыштуу кабыл алынды.   Эске салсак, буга чейин Ат-Башы – Кынды – Торугарт… Кененирээк…

Манас шаарында архитекторлор үчүн жаңы имарат курулат

Манас шаарында архитекторлор үчүн жаңы административдик имараттын эскиздик долбоору даярдалды.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имарат үч кабаттан туруп, архитекторлор жана жергиликтүү тургундар үчүн заманбап бардык шарттар каралган.   Курулуштун качан башталары такталган жок.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Алматы – Каракол аба каттамы ачылат

5-декабрдан тарта Алматы – Каракол аба каттамы ачылат.   «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынан билдиришкендей, каттамды мамлекеттик авиакомпания ишке ашырат.   Самолет аптасына эки жолу — жума жана жекшемби күндөрү учат. Билеттерди авиакомпаниянын расмий сайтынан же Asman Airlines мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.   Ушул жана… Кененирээк…

Гүлназ Жүзбаева паратриатлон боюнча дүйнө кубогунда алтын медаль утту

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Чилиде өткөн мелдеште көзү азиз спортчу аялдар категориясында Гүлназ Жүзбаеванын жеңиши кыргыз триатлону тарыхындагы алгачкы ийгилик болду. Бул — дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы ондугуна кирди.   Ал эми көзү азиз спортчу эркектер категориясында Жалалдин Абдувалиев төртүнчү орунду ээледи.  … Кененирээк…

Өлкөгө күйүүчү-майлоочу май Беларустан ташыла баштайт

Бул тууралуу «Азаттыкка» мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдирди.   Анын маалыматына караганда, учурда Беларустун компаниялары менен келишим түзүлдү. Таңкыстыктын алдын алуу үчүн Азербайжан, Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.   Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдиргендей, ири компаниялардын кампаларында 15-20 күнгө жете турган май бар.  … Кененирээк…

ТИМ чет өлкөдө жүргөн жарандарды шайлоочулардын тизмесинен текшерүүгө чакырат

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүгө чакырат. Мекеменин Консулдук департаментинен маалым болгондой, бүгүнкү күндө 1 миң 600 адамдын Кыргызстанда каттоосу жок.   Шайлоочулардын тизмеси tizme.gov.kg сайтында жайгаштырылган. Ал жерден өзүн таппай калгандар 19-ноябрга чейин дипломатиялык өкүлчүлүккө жазуу түрүндө арыз менен… Кененирээк…

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-ноябрда Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөсү жана темир жол линиясы, Алты-Ордо, Кара-Жыгач конуштары жана Полиция шаарчасында суу берүү токтотулат.   Чектөө оңдоо иштерине байланыштуу эртең мененки саат 9дан кечки 8ге чейин күчүндө болот.   Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.… Кененирээк…

Ош шаарынын борбору Жапалак айылына көчүрүлүшү мүмкүн

Бул тууралуу Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев билдирди.   Маалыматка ылайык, борборду Көкүм-Бийге көчүрүү пландалууда. Жапалак Ош шаарынын аймагына кирет.   Ал эми азыр шаардын борбору Алымбек датка көчөсүндөгү Ош шаарынын мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имараттын маңдайы болуп саналат.   Ушул жана башка… Кененирээк…