ИИМ жарандарды шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзамды так сактоого чакырды

Ички иштер министрлиги жарандарды шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзамды так сактоого чакырды.   Ведомство эскерткендей, шайлоочуларды сатып алуу жана элдин эркине таасир этүүнүн башка аракеттери кылмыш жоопкерчилигине алып келет.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө, үй комитеттерине, медициналык жана билим берүү кызматкерлерине, ошондой эле калк… Кененирээк…

Манас шаарына 2 миң түп көчөт отургузулат

Жыл аягына чейин Манас шаарына 2 миң түп көчөт отургузуу пландалууда. Мэриядан билдиришкендей, көчөттөр жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен алынган.   Саамалык шаарды жашылдандыруу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөйт.

2027-жылдын аягына чейин бардык абоненттерге акылдуу эсептегич орнотулат

Кыргызстанда 2027-жылдын аягына чейин бардык абоненттерге акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Ал белгилегендей, учурда 1,5 млн абоненттин 735 миңге жакыны аталган приборлор менен камсыздалган.   Быйыл өлкө боюнча 500 миң счетчик коюлду. Кийинки жылы дагы 300-400 миң эсептегич орнотуу… Кененирээк…

Таласта “Баластан” балдар оюн-зоок борборунун курулушу башталды

Объектке капсула салуу иш-чарасына президент Садыр Жапаров катышты.   Аянты 6,5 гектарды ээлеген борбордо аттракциондор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын оюн зоналары, заманбап кинотеатр, конгресс-зал жана коомдук тамактануу жайлары курулат. Анын алкагында 200дөн ашуун жаңы жумуш оруну түзүлөт.   Объектти 2026-жылы пайдаланууга берүү… Кененирээк…

«Эл Аман» дарыканаларындагы дарылардын түрү көбөйтүлөт

Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Кабар” агенттигине билдирди.   Ал бүгүнкү күндө айрым элдик дарыканаларда дары-дармектердин тизмеси чектелүү экенин моюндады. Маселени жөнгө салуу үчүн Индия, Кытай, Россия сыяктуу ири өндүрүүчү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым болду.   “Мурун ар бир алынып… Кененирээк…

Майнинг фермалар 2026-жылдын март айынын аягына чейин иштебейт

Кыргызстанда бардык майнинг фермалар 2026-жылдын март айынын аягына чейин иштебейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.   Маалыматка ылайык, мындай чечим энергетика министри Таалайбек Ибраев менен бирге кабыл алынган.   Ташиев кошумчалагандай, майнинг ферманы иштеткенге аракет кылгандар жазага тартылат.  … Кененирээк…

«Манас Ордо» комплексин реконструкциялоо ишин баштоого капсула салынды

Таластагы Улуттук «Манас Ордо» комплексин реконструкциялоо ишин баштоого капсула салынды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.   Аталган жайды ири масштабдагы жаңылоо иштеринин алкагында конгресс-холл, конок үйү, эки кабаттуу административдик имарат курулат. Ошондой эле комплекстин аймагындагы үч миң орундуу ат майдан толук оңдоп-түзөөдөн өтөт, Кароол-Дөбөгө чыгуу… Кененирээк…

Беловодское – Төлөк жолунда асфальт төшөө иштери толук аяктады

Москва районуна караштуу Беловодское – Төлөк жолунда асфальт төшөө иштери толук аяктады.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, быйыл жалпы 10 чакырымды асфальттоо каралып, курулуш иштери бардык жол салуу нормаларына жана белгиленген графикке ылайык жүрдү.   Курулуш мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланды.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Кыргызстан уй, кой эти менен өзүн толук камсыздай алат

Буга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишендирүүдө. Ал эми тооктун эти чет жактан импорттолот. Алсак, быйылкы жылы 58 миң тонна, ал эми 2026-жылы 48 миң тонна тоок эти сырттан ташылып келет деп пландалган.   Эске салсак, өлкөдө эттин баасына убактылуу… Кененирээк…

Араванда тогуз социалдык объект пайдаланууга берилди

Араван районунда тогуз социалдык объект пайдаланууга берилди.   Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын арасында билим берүү, медицина, өндүрүш жана спорттук имараттар бар. Алар негизинен жергиликтүү жана республикалык бюджеттен каржыланган.   Жаңы ачылган объекттер аймактагы билим берүү шарттарын жакшыртып, жол инфраструктурасын өнүктүрүп, жумушчу орундарды түзүү… Кененирээк…