Баткен районунун калкына арзан көмүр жеткирилди

Баткен районунун калкына арзан көмүр жеткирилди. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сүлүктү шаарындагы кендеринен көмүр жеткирилип, элге базар баасынан арзан сатылууда. Тагыраагы, бир тонна көмүрдүн баасы 7 миң 500 сомду түзөт.   Калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында жалпы облус боюнча 64 көмүр сатуу түйүндөрү уюштурулду.

Араван району дизайн-кодго ылайык иретке келтирилүүдө

Ош облусунун Араван району дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө . Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Араван районунда дизайн-коддун талаптарына ылайык аймакты иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Дизайн-код Араван райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилип, учурда райондун борбордук бөлүгүндө жана бир катар аймактарда коомдук имарат,… Кененирээк…

Бишкекте  таштандыларды кайра иштетүүчү жаңы заводго катуу тиричилик калдыктарды  пилоттук жеткирүү башталды

Бишкекте  таштандыларды кайра иштетүүчү жаңы заводго катуу тиричилик калдыктарды  пилоттук жеткирүү башталды. Мэриядан билдиришкендей, эми таштандыны утилдештирип, андан соң электр энергиясын өндүрүү процесси ишке киргизилет.   Заводдун курулушу учурда акыркы этабында. Объекттин ачылышы  26-декабрга белгиленди.   Белгилеп кетсек, заводдун курулушуна салынган жалпы инвестициянын көлөмү 95… Кененирээк…

Президент Бишкек, Ош мэрлерине сын айтты

Президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына кайрылуу жарыялап, анда Бишкек, Ош мэрлерине сын айтты. Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусун толугу менен келтиребиз: «Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери! Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш… Кененирээк…

Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн Ат-Башы райондук электр тармактарынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Иш-чарага министр Таалайбек Ибраев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Белгиленгендей, өткөн жылы энергетика министри иш сапары учурунда районду тейлеген 65 кызматкердин эскилиги жеткен имаратын көрүп, кызматкерлерге шарты бар заманбап имарат куруу… Кененирээк…

Бишкекте туура эмес жерге токтотулган 100дөн ашык электросамокат айып короосуна ташылып кетти

Бишкекте туура эмес жерге токтотулган 100дөн ашык электросамокат айып короосуна ташылып кетти.   Бул тууралуу Ленин райондук администрациясы билдирди. Маалыматка караганда, соңку убакта шаар тургундарынан чыгырыктардын туш келди токтотулуп, жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратканы тууралуу кайрылуулар көп түшө баштаган. Бул боюнча мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы… Кененирээк…

Бишкекте унаа токтотуу эрежесин бузгандарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө

Бишкекте унаа токтотуу эрежесин бузгандарды аныктоо боюнча рейд жүрүүдө. Мэриядан билдиришкендей, текшерүү учурунда 64 унаа эвакуцияланды, алар таштанды челектеринин, аялдамалардын алдында жана башка тиешелүү эмес жерлерде токтотулган.   Бардык унаалар айып токтотмого жеткирилди. Мындай рейддер дагы улантылат.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча курулууда. Курулуш, архитектура жана коммуналдык турак-жай министрлигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Баетов айылында жайгашат.   Имарат  240 орунга эсептелет. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып,  179 миллион сом каралган.

Ошто электр энергиясын үнөмдөө боюнча чаралар күчүнө кирди

Ошто электр энергиясын үнөмдөө боюнча чаралар күчүнө кирди. Шаар бийлиги тарабынан калкты үзгүлтүксүз жарык менен камсыздоо жана тармактарга ашыкча жүк келүүнү алдын алуу максатында бир катар чечимдер кабыл алынды.   Алсак, мектептерде кечки саат 7ден кийин электр энергиясы толук өчүрүлөт. Бардык мекеме, ишканалар кечки саат… Кененирээк…

Социалдык маанидеги товарлардын баасына көзөмөл күчөтүлдү

Социалдык маанидеги товарлардын баасына көзөмөл күчөтүлдү. Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагындагы базарларда, супермаркеттерде, дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде социалдык маанилүү товарлардын баасына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзүп баштады.   Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.   Эгер баа негизсиз жогорулатылган болсо же мамлекеттик жөнгө… Кененирээк…