Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,  10-16-ноябрь аралыгында өлкө боюнча дарыгерге кайрылгандардын саны дээрлик 8 миң адамга жетти.   Бул ага чейинки аптага салыштырганда 17,4 пайызга көп. Ооруга чалдыккандардын көбү 14 жашка чейинки балдар. Республиканын бардык аймагында окуучулардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.

“Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3” долбоорунун алкагында 12 миллион сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

“Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3” долбоорунун алкагында 12 миллион сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Долбоорго эки мамлекеттик банк тартылган.   Программага бөлүнгөн насыянын жалпы суммасы 200 миллион сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 98 субъект жеңилдетилген кредит алды.

Өкмөт айрым мөмө-жемиш көчөттөрүн ташып келүүгө тыюу салууну көздөөдө

Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну көздөп жатат. Тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууга чыкты. Документке ылайык, тыюунун мөөнөтү алты ай деп белгиленип, ага реэкспорт, Кыргызстан аркылуу транзит жана ЕАЭБдин өлкөлөрүнө ташуу кирбейт. Өкмөт мындай долбоор өлкөнүн… Кененирээк…

20-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт

20-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин суу 7-апрель, Скрябин, Юнусалиев, Горький көчөлөрүн, Улан-2 кичин районун жана Аламүдүн дарыясын бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды

Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин наркы 188 миллион сомго бааланат.   Башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө салынып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат.   Андан тышкары, лаборатория,… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо — 13” долбоорунун алкагында 6 миңден ашык ашык фермер жеңилдетилген насыя алды

“Айыл чарбасын каржылоо — 13” долбоорунун алкагында 6 миңден ашык ашык фермер жеңилдетилген насыя алды.   Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, берилген жалпы сумма 4 миллиард сомдон ашты. Каражат өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, сууну үнөмдөөчү технологиялар жана башка багыттар боюнча берилип жатат.

Кыргызстанда футболдук лигалардын аталышы өзгөрдү

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жогорку дивизиондогу клубдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган биримдиктен билдиришти. Маалыматка караганда, келерки футбол сезонунда Жогорку лигада ойной турган клубдардын саны толукталды. Быйыл аталган лигада 14 клуб ойногон болсо, Талас жана Токтогул шаарынан эки команда кошулуп, келерки… Кененирээк…

Токмокто жаңы спорткомплекстин курулушу уланууда

Токмокто жаңы спорткомплекстин курулушу уланууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорго кичи футбол аятчасы, бокс, күрөш залдары жана машыктыруучулардын кабинеттери кирет.   Ошондой эле теннис үчүн залдар болот. Спорткомплекстин трибуналары 200 көрүүчүгө ылайыкташат.

Бишкекте жарандык авиациянын кызматкерлерине үйлөрдүн курулушу башталды

Бишкекте жарандык авиациянын кызматкерлерине үйлөрдүн курулушу башталды.   Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришти. Жалпысынан  Мамлекеттик ипотекалык уюм тарабынан 9 кабаттуу 23 турак-жай блок салынат, аларда 1 миң 35 батир болот. Турак-жай комплексинде заманбап балдар аянтчалары, эс алуу аймагы жана унаа токтотуучу жай каралат.

Республика аймагында дан эгиндерин жыйноо иштери дээрлик аяктады

Республика аймагында дан эгиндерин жыйноо иштери дээрлик аяктады.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 673,5 миң гектардан түшүм жыйналды, бул жалпы аянттыне  99 пайызын түзөт.   Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу  658 миң гектарга жогору. Өлкө боюнча… Кененирээк…