Шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү” коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Шайлоо алдындагы “жымжырттык күнү” коомдук тартипти 10 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.   Анын айтымында, өлкө боюнча 2 миң 492 шайлоо тилкеси бар. Аларда учурда 5 миңден ашык милиция кызматкери иш… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 7,1 пайызды түздү

Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 7,1 пайызды түздү.   Январь-октябрь айларына карата маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү. Калкка кызмат көрсөтүүлөрдө баалардын эң чоң өсүшү 8,9 пайызды түзгөн.   Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 7,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге 6,7 пайызга, ал эми азык-түлүк… Кененирээк…

Бишкекте Фучик көчөсүнүн бир бөлүгүн оңдоо иштери аяктады

Бишкекте Фучик көчөсүнүн дагы бир бөлүгү оңдоодон кийин ачылды. Шаардык мэрия билдиргендей, Профсоюзная көчөсүнөн Чоң Чүй каналынын көпүрөсүнө чейинки аралыкта унаа кыймылы жанданды.   Маалыматка ылайык, үч чакырымдан ашык бул тилкеге ​​эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар жаңыртылып, жол белгилери чийилип жана орнотулду.   Ушул жана… Кененирээк…

Шайлоо-2025: 80ден ашык мыйзам бузуу фактысы катталды

Кыргызстанда шайлоо өнөктүгү башталгандан бери 80ден ашык мыйзам бузуу фактысы катталды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, алардын арасында эки талапкерге оор кылмыш иши боюнча айып тагылган.   Ал эми калган материалдар тиешелүү тартипте каралып, кайрадан Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлүүдө. Бул учурда БШК талапкерлерге айып пул… Кененирээк…

Камчыбек Досматов эмгек министринин орун басарлыгына дайындалды

Камчыбек Досматов эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.   Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Майлуу-Суу шаарына 6 миң 850 акылдуу эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери Майлуу-Суу шаарына 6 миң 850 акылдуу эсептегич орнотулду. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, калаада жалпысынан 8 миңден ашык турмуш-тиричилик абоненти бар.   Приборлор учурда толук автоматтык дистанциялык башкарууга өткөрүлдү. Бул система керектөөчүлөрдүн үйүнө кирбей эле, электр энергияны эсептөө процессин онлайн жүргүзүүгө шарт түзөт.… Кененирээк…

1-декабрдан тарта оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салынат

Кыргызстанда 1-декабрдан тарта оң рулдуу машине менен жүргүнчү жана коммерциялык максатта жүк ташууга туюу салуу күчүнө кирет.   Ички иштер министрлиги эскерткендей, ушул эле убакыттан баштап лицензиясыз такси кызматын көрсөткөндөргө айып салынат. Айыптын суммасы жеке жактарга 7,5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сомду түзөт.… Кененирээк…

Бишкекте беш көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, көмөк чордондорго жалпысынан 146 Мегавольт-ампер кубаттуулук кошулуп, калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.   Жыл аягына чейин ордо калаада дагы эки көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Өлкө аймагында оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Өлкө аймагында оор жана кооптуу жүктөрдү ташуучу унаалардын ишине көзөмөл күчөтүлдү.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдиргендей, бул багытта тиешелүү айдоочулар менен жеринде түшүндүрүү иштери жүрүүдө.  Ага ылайык, айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, унаанын техникалык абалын тынымсыз көзөмөлдөө, жолдо жөө жүргүнчүлөргө жана… Кененирээк…

Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Россияга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 17-18-ноябрда жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына барат. Анда министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 24-жыйынына катышат. Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Жыйындын… Кененирээк…