47 миңге жакын кыргызстандык насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

2025-жылдын 1-ноябрынан 21-ноябрына чейинки аралыкта 46 713 адам «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу насыяга алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Мындай маалыматты Улуттук банк жарыялады. Насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салуу деген эмне? «Өзүнө-өзү тыюу салуу» – бул жаран үчүн каржы-кредиттик уюмдарда анын атына насыя жана займдарды жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн… Кененирээк…

Бишкекте электр энергиясына карыздары үчүн 5 миңден ашык абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Бишкекте электр энергиясына карыздары үчүн 5 миңден ашык абонент жарыксыз калышы мүмкүн. Ордо калаа электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, өчүрүү 24-ноябрь, дүйшөмбүдө башталат.   Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга карыздарын эртелеп төлөө сунушталат. Муну терминалдар жана электрондук капчыктар аркылуу ыкчам ишке ашырса болот.

Уюшма кылмыштын «эскирүү мөөнөтү» нормасын колдонбоо сунушталды

Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» жана «Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу» беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурда эскирүү мөөнөтүн колдонбоо сунушталууда. Муну менен Президенттик администрация уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, ал коомдук талкууга чыгарылды. Документте акыркы жылдары коррупцияны, баңги заттарын сатууну,… Кененирээк…

Аксы районуна караштуу Жылгын айылына заманбап мектеп курулууда

Аксы районуна караштуу Жылгын айылына заманбап мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин тендердик баасы 80 млн сомду түзөт.   Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпустан турат. Имаратта негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана,… Кененирээк…

Бишкекте эс алуу күндөрү салттуу азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте эс алуу күндөрү салттуу азык-түлүк жарманкеси өтөт.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарандар Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, Эркиндик бульварында азык-түлүктү жеткирүүчүлөрдөн жеткиликтүү баада алса болот.

Бишкекте аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмүр сатып алууга 8,6 миллион сом берилди

Бишкекте аз камсыздалган үй-бүлөлөргө көмүр сатып алууга 8,6 миллион сом берилди. Бул тууралуу отун-энергетикалык комплекс суроолору боюнча вице-мэр Нургазы Курманбеков билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан кара отун алуучулардын тизмесинде 1 миң 427 үй-бүлө жана 2 уюм бар. Жалгыз жашагандарга жана кароого муктаж адамдарга отунду жеткирип… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу 95 пайызга аяктады

Ысык-Көл облусунда “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу 95 пайызга аяктады. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, аймакка 44 миң шайман жеткирилип, алар Жети-Өгүз, Балыкчы, Ак-Суу, Тоң, Каракол жана Чолпон-Ата электр тармактарына тапшырылды.   Калган эсептегичтерди орнотуу боюнча иштер уланууда. Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерден көрсөткүчтөр автоматтык түрдө базага түшүп, ашыкча колдонууда… Кененирээк…

Республиканын бардык мунай базаларында күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар

Республиканын бардык мунай базаларында күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрабаев билдирди.   Маалыматка ылайык, мунай ташуучулар менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында Беларусь, Азербайжан, Казакстандын мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өлкөгө мунай продуктулары… Кененирээк…

Кыргызстанда майда кылмыштар үчүн балдар соттолбойт

Кыргызстанда майда кылмыштар үчүн балдар соттолбойт. Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Ага ылайык, балдарды сот жоопкерчилигине тартуу нормалары жеңилдейт. Эгер өспүрүм биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасап, күнөөсүн мойнуна алса, иш сотко жетпейт. Анын ордуна бала атайын программага катышат.… Кененирээк…

Ноокат районунун акими болуп Данияр Шейшеканов дайындалды

Ош облусунун Ноокат районунун акими болуп Данияр Шейшеканов дайындалды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, 43 жаштагы Шейшеканов буга чейин Президенттик администрациянын сот жана прокуратура органдары менен иштөө секторунун башчысы болуп эмгектенген. Ага чейин узак жылдар өкмөт жана президенттик аппаратта, Курулуш… Кененирээк…