Кыргызстандын курама командасы VI ислам шериктештиги оюндарында 19 медаль жеңди

Эр-Рияд шаарында өткөн VI ислам шериктештиги оюндарында Кыргызстандын курама командасы мелдештерге татыктуу катышып, жалпы жонунан 19 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, командалык эсеп боюнча Кыргызстандын курама командасы 14-орунду ээлеген. “Эр-Рияд шаарында VI ислам шериктештиги оюндарынын салтанаттуу жабылуу… Кененирээк…

Венгриялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курат

Венгриялык компания Кыргызстанда күн электр станциясын курат. Бул тууралуу Будапештте өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес-форумунда белгилүү болду. Форумдун жүрүшүндө Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен венгер компаниясынын ортосунда кызматташтык тууралуу меморандум түзүлдү.   Документте Кыргызстандын аймагында кубаттуулугу 300 МВтка чейинки күн электр станцияларын куруу каралган. Инвестициянын жалпы… Кененирээк…

Ошто муниципалдык унаа токтотуучу жай оңдоодон кийин ачылды

Ош шаарынын мэриясына караштуу эски унаа токтотуучу жай капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жай буга чейин каралбай таланып-тонолгон абалда турган. Буга чейин мэр Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен облустун балансындагы бул объект министрлер кабинетинин чечими менен Ош мэриясынын карамагына өткөрүлгөн. Учурда гараж толугу менен… Кененирээк…

Өлкөдөгү үч майнинг компаниянын сертификаттары жокко чыгарылды

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы үч майнинг компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн сертификаттарын жокко чыгарды. Ведомствонун маалыматы боюнча, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому менен бекитилген Майнинг ишмердүүлүгү боюнча сертификаттарды каттоо жана берүү тартибине ылайык жана ФМК жөнүндө жобонун 13-пунктуна (2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому)… Кененирээк…

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды

Таксилердин лицензиясын текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Буга чейин аталган кызматка такси кызматтарынан лицензия алуу үчүн узун кезек жаралып, мурда айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. Эми алар башкармалыктын бардык бөлүмдөрү ишембиде да… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо маалында кошумча чараларды күчөттү

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоого чалдыккан балдарды көп кабыл алган борбор калаадагы бир катар медициналык уюмдардын иши менен таанышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анда министр Бишкек шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасын жана… Кененирээк…