Баткенде сел каптоо коркунучу бар 100дөй объект сүрдүрүлдү

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аймакта сел коркунучу бар жерлерде курулган 166 жай аныкталган. Анын алкагында, сел ташкындары учурунда тургундардын өмүрүнө кооптуу болгон 99 объект сүрдүрүлдү.   Калган жерлерде жөнгө салуу аракеттери жүрүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Адилет Жапаркулов Сурдлимпиада оюндарында алтын медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Адилет Жапаркулов Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында алтын медаль тагынды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спортчу бүгүн эркин күрөштөн финалда ирандык Аболфаси Зохревандды 3:0 эсебинде утуп алды.   Анын бул жеңиши Кыргызстан үчүн Сурдлимпиада тарыхындагы экинчи алтын… Кененирээк…

Каракол – Эңилчек унаа жолунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматка ылайык, 25-26-ноябрда катуу шамал күтүлүүдө. Мындан улам, Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү жана көчкү куюлмалары пайда болушу мүмкүн.   Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500… Кененирээк…

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Россиянын президенти Владимир Путин 25-27-ноябрь күндөрү Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталипов кабарлады. «Бул сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот. Сапардын… Кененирээк…

Нарын шаарына атайын техника жана автобустар тапшырылды

Жергиликтүү бийликтен маалым болгондой, Коммуналдык жана шаар чарба кызматтары үчүн 10дон ашык автобус жана техника алынды.   Белгиенгендей, жалпысынан 34 атайын багыттагы техника сатып алуу каралган.   Каражат президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн.    

Ноокаттагы 225 орундуу жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу имараттын курулушуна республикалык бюджеттен 74 млн сом сарпталды.   Мектепте лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган.   Объекттин жалпы аянты 1 миң 705 чарчы метрди түзөт.   Ушул… Кененирээк…

Каркыра жайлоосуна жаңы эс алуу борбору курулат

Түп районундагы Каркыра жайлоосуна жаңы эс алуу борбору курулат. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан билдиришти.   Маалыматка караганда, объектти жеке ишкер курат жана ага аталган фонддон 15 млн сом пайызсыз насыя берилди.   Долбоорго ылайык, жалпысынан 200 орундуу 19 корпус салынат. Анын ичинде административдик имарат,… Кененирээк…

Бишкекти 200 миңден ашык түп жоогазын кооздойт

Келерки жазда Бишкекти 200 миңден ашык түп жоогазын кооздойт. Мэрия күзгү гүл эгүү иштерин баштады.   Агрономдор кызыл, кызгылт, ак, сары жана кызгылт көк түстөрдөгү сортторду эгет. Мындан тышкары, планга 2 миң жаңы декоративдик түрдөгү гүл отургузуу каралган.   Гүл композициялары шаардагы негизги жерлерде —… Кененирээк…

“Сары-Өзөн” жана “Ош” базарлары үч күнгө жабылат

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга, анын ичинде ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу эртеңден тарта 27-ноябрга чейин шаарда айрым объектилердин иштөө убактысына жана жол кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.   Анын алкагында аталган эки базарда санитардык чаралар көрүлөт.   Эске салсак, буга чейин Бишкектеги… Кененирээк…

Өлкөдө 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бир аптада өлкөдө 26 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды. 17-ноябрдан  23нө чейинки маалымат менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бөлүштү.   Айдоочулар негизинен белгиленген ылдамдыктан ашуу, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу, транспорт каражаттарын эксплуатациялоо боюнча эрежелерди бузушкан.   Башкармалык жол кыймылынын коопсуздугунун… Кененирээк…