Кыргызстанга Беларусь президенти Александр Лукашенко келди

Беларусь президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Эске салсак, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы 27-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтөт. Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Ош шаарында жаңы жылдык балатынын оту 15-декабрда жанат

Мэриядан маалым болгондой, учурда 30 метрге жеткен Жаңы жылдын башкы символун орнотуу иштери жүрүүдө.   Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, балатыны жана шаардын аянтын кооздоого 2 миллион сомдой бөлүнгөн. Аянтта муз майданы, Аяз Ата үйү жана башка инсталляциялар орнотулат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда сегиз документке кол коюлду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын лидери Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында эки тараптуу сегиз документке кол коюлду. Анда билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, коопсуздук, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташуу боюнча макулдашуулар бар.   Мунун ичинде Министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы эки өлкөнүн ички иштер жана… Кененирээк…

Бишкекте айына 100 миң чарчы метрден ашуун ковролин чыгарган ишкана ачылды

Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.   Өндүрүш “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Анда Түркиядан алып келинген атайын жабдуулар орнотулуп, жалпы инвестициянын суммасы болжол менен 300 млн сомду түздү. Анын 1 млн долларын Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду каржылады.   Биринчи этапта Борбор Азия жана ЕАЭБ… Кененирээк…

Япониянын тургуну ChatGPTге турмушка чыкты

Япониянын тургуну чыныгы жигити менен сүйлөшпөй калгандан кийин ChatGPTге турмушка чыкты. Кыз ажырашуудан кийин колдоо издеп нейротармакка кайрылган.   Бара-бара ал виртуалдык маектешине эмоционалдык байланышы бардай сезе баштаган. Кийин ал ChatGPTге сүйүүсүн ачык билдирген, ал эми бир айдан соң андан колукту болууга сунуш алган. Натыйжада… Кененирээк…

БШК дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

БШК Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосу үчүн дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Добуш берүүнүн жүрүшүн негизинен Индиянын шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Азербайжан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын элчиликтеринин кызматкерлери көзөмөлдөйт.   Бүгүнкү күндө жалпы жонунан 788 эл аралык байкоочу аккредитациядан өттү.   Кыргызстанда… Кененирээк…

Ушул жекшемби Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо өтөт

Учурда өлкөдө Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган 460тан ашык талапкер үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө. Ал 29-ноябрда эртең мененки саат 8де токтоп, добуш берүү 30-ноябрда болот.   Жаңы мыйзамга ылайык, бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат үч мандаттуу 30 шайлоо округунан шайланып келет. Ар бир округдан шайлана турган… Кененирээк…

Оштун Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушу башталды

Ош шаарынын Кең-Сай конушунда 480 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, объект бардык заманбап шарттарды эске алуу менен курулат.   Маалыматка ылайык, учурда Кең-Сай массивинде бала бакча жана көп кабаттуу ипотекалык үй да салынып жатат. Аталган обьекттердин курулушу мындан эки ай мурун башталган.… Кененирээк…

Бишкекте темир жол магистралы төшөлүп, трамвай жүргүзүлөт

Бишкектин жаңы башкы планына ылайык, темир жол магистралы төшөлүп, унаа тыгынын жоюу үчүн трамвай жүргүзүлөт. Бул боюнча Novosti.kgге курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов айтып берди.   “Негизги ой Бишкек шаарын Чүй облусундагы калктуу конуштар менен биргеликте өнүктүрүү. Сокулук, Кант, Беловодск,… Кененирээк…