Карыздарды жана өлкөдөн чыгууга тыюуларды онлайн текшерсе болот

Кыргызстанда карыздарды жана өлкөдөн чыгууга болгон чектөөлөрдү текшерүү үчүн жаңы онлайн портал ишке кирди. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына караганда, бул сервис жарандарга алдын ала өздөрүнүн карыздары бар же жок экенин билүүгө, ошондой эле тиешелүү сот аткаруучусунун маалыматтарын алып, тез арада байланышууга мүмкүнчүлүк берет.   Порталды… Кененирээк…

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өттү

Бишкекте Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Президент ЖККУ алкагында аскердик кызматташтык тууралуу кеп кылып, 2025-жылы Кыргызстанда “Чек”, “Бузулгус боордоштук” жана “Эшелон” сыяктуу ири машыгуулар өткөрүлгөнүн айтты.   Ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдары маалыматтык-коммуникациялык технологияларды террордук жана экстремисттик максаттарда пайдалануунун… Кененирээк…

Кеминде 50 орундуу заманбап төрөт үйүнүн курулушу башталды

Кемин шаарында 50 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект бардык заманбап шарттары менен курулат.   Маалыматка ылайык, медициналык мекеме Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен курулууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Грецияда 2026-жылкы кышкы Олимп оюндарынын оту жанды

Турнир 5-22-февраль күндөрү Италиянын Милан шаарында өтөт.   Олимпиада отунун эстафетасы алгач Грециянын аймагы аркылуу өтүп, Афиныга жеткирилет, андан соң  Италияга жөнөтүлөт. Ал жерде кабыл алуучу өлкөнүн шаарларын кыдырып, оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине чейин саякаттап жүрөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Бишкекте быйылкы күздүн эң жогорку температурасы катталды

Синоптиктердин маалыматына караганда, кечээ борбордо аба табы +25 градустан ашты. Муну менен 26-ноябрь борбор калаанын метеорологиялык байкоолорунун тарыхындагы эң ысык күн болду.   Орточо суткалык температура нормага салыштырмалуу дээрлик 12 градуска жогорулады. Ошентсе да, күн соңку күз айынын абсолюттук рекордун жаңырта алган жок.   Эске… Кененирээк…

Бишкектин башкы планы боюнча коомдук угуу 24-25-декабрда өтөт

Бишкек шаарынын 2050-жылга чейин эсептелген башкы планы боюнча коомдук угуу 24-25-декабрда өтөт. Novosti.kgге мэриянын курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов билдиргендей, чогулуштар төрт райондо тең уюштурулат.   “Бүгүнкү күндө башкы пландын бекитилүүчү бөлүгү коомдук талкууга коюлган. Мэриянын сайтынан таанышып, сунуштарды электрондук,… Кененирээк…

Бишкектин борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөргө чектөө киргизүү пландалууда

Бишкек шаарынын жаңы башкы планына ылайык, калаанын борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөргө чектөө киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов билдирди.   Бүгүнкү күндө жылына 500-600 миң кв метр үй эксплуатацияга берилип жатат. Бул эбегейсиз көп көлөм.… Кененирээк…

Бишкекке 170 мектеп, 200дөн ашык бала бакча керектелет

2050-жылга чейин Бишкекке 170 мектеп, 200дөн ашык бала бакча керектелет. Бул тууралуу Novosti.kgге курулуш жана архитектура башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азирет Азимов билдирди.   “Бишкек шаарына бүгүнкү калктын санына 45 мектеп, 68 бала бакча жетпейт. Ушуга байланыштуу кийинки жылы президенттин демилгеси менен 35 мектеп… Кененирээк…

Дубайда жасалма интеллект ресторандын башкы ашпозчусу болду

Дубайда жасалма интеллект ресторандын башкы ашпозчусу болду. Ал миңдеген рецепттер жана даам айкалыштары камтылган чоң маалыматтардын негизинде окутулган.   Футуристтик концепциядагы ресторан быйыл сентябрда ачылып, “гастрономиянын келечеги” катары сунушталууда. Жасалма интеллект ашкананы толук көзөмөлдөп, рецепттер жана ингредиенттер боюнча чоң маалыматтарды колдонуп, жаңы даамдарды жаратат.

Нарын облусунда 30 миң 600 “акылдуу” эсептегич орнотулду

Нарын облусунда 30 миң 600 “акылдуу” эсептегич орнотулду. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бул пландалган көрсөткүчтүн 94 пайызын түзөт. Шаймандарды орнотуу иштери ноябрь айынын аягына чейин толук аякташы күтүлүүдө.   “Акылдуу эсептегичтер” абоненттерди аралыктан тейлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Аларды орнотуу боюнча иштер 2012-жылы башталган.