Кемин районундагы Орловка–Чым-Коргон унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери аткарылды

  Кемин районундагы Орловка–Чым-Коргон унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө иштери аткарылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, аталган жол “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси тарабынан каржыланып, колдонууга берилди.   Белгилеп кетсек, аталган жол участогу 2024-жылдагы Элдик Курултайда кɵтɵрүлүп, коюлган маселе министрлик тарабынан толук аткарылды.

Өлкөдө пиротехникалык заттарды сатуу жана колдонууга көзөмөл күчөтүлдү

Өлкөдө пиротехникалык заттарды сатуу жана колдонууга көзөмөл күчөтүлдү.   Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана өрт чыгуу учурларын алдын алуу максатын көздөйт.   Милиция кызматкерлери базарларда, сатуу түйүндөрүндө жана коомдук жайларда рейддерди жүргүзүүдө. Пиротехниканы мыйзамсыз саткандарга карата катуу чара көрүлөт. Жарандарга… Кененирээк…

Автоматтык эсептөө урналарынын маалыматы алдын ала болуп эсептелет

Автоматтык эсептөө урналарынын маалыматы алдын ала болуп эсептелет. Боршайком Жогорку Кеңеш депутаттарын кезексиз шайлоонун жыйынтыгы кандай эсептеле турганын түшүндүрдү.   Ага ылайык, эми участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрү бюллетендерди кол менен эсептеп чыгат.   Бул жыйынтыктарга  3 күндүн ичинде даттанууга болот. Андан кийин округдук комиссиялар маалыматты… Кененирээк…

Кыштын биринчи айында катуу суук күтүлбөйт

Кыштын биринчи айында катуу суук күтүлбөйт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, Бишкек жана Чүй облусунда декабрда температура норманын тегерегинде кармалат.   Түнкүсүн аба табы 0 градустан -14 градуска чейин болсо, күндүз 7 градус сууктан 12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Жаан-чачын дагы норманын тегерегинде болот.

Өлкөнүн айрым аймактарында мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылды

Өлкөнүн айрым аймактарында мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылды. Бул тууралуу 24 агенттигине Ооруларды алдын алуу жана санэпидем көзөмөл департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, курч респиратордук вирустар жана сасык тумоо күч алгандыгына байланыштуу, Бишкекте 25, Чүй облусунда 30 бала бакча жабылды. Ал эми Ошто 5… Кененирээк…

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тилкелер боюнча 29 доосун артка чакырды

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги тилкелер боюнча 29 доосун артка чакырды. Мындай чечим маселени соттон тышкары чечүү максатында кабыл алынды.   Ленин районунун акимине алгач жарандарга алардын жер тилкесине теңдеш баалуу участокту сунуштоо тапшырмасы берилди, алар баш тарткан учурда гана жердин кадастрдык баасын төлөп берүү… Кененирээк…

Кезексиз парламенттик шайлоонун алкагында чет мамлекеттерде добуш берүү толугу менен жыйынтыкталды

Кезексиз парламенттик шайлоонун алкагында чет мамлекеттерде добуш берүү толугу менен жыйынтыкталды. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 34 мамлекетте 100 тилке ачылган.   Сааттык алкак айырмасы чоң болгондуктан, добуш берүү процесси ар кандай убакта аяктады. Акыркылардан болуп АКШдагы 6 участок жабылды: Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк жана… Кененирээк…

Ушул айда биринчи класстардын окуучуларын кошумча эс алуу күтөт

Ушул айда биринчи класстардын окуучуларын кошумча эс алуу күтөт. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 1-класста окуп жаткан 6 жашар балдардын каникулдары 24-декабрдан 18-январга чейин узартылат.   Калган окуучулар бекитилген график боюнча 31-декабрдан 11-январга чейин эс алат. Үчүнчү чейрек мектептерде 12-январда башталат.

Кыргызстанда 108 миң 400 адам социалдык жөлөкпул алат

Кыргызстанда 108 миң 400 адам социалдык жөлөкпул алат. Бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 пайызга азайганын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.   Маалыматка караганда, социалдык пособие пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга чектелет.  Социалдык жөлөкпул категориясына ылайык, 2 миңден 8 миң сомго… Кененирээк…

Чүй облусунун Шамшы айылында чакан ГЭС ишке кирди

Чүй облусунун Шамшы айылында чакан ГЭС ишке кирди. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, гидроэлектростанция Чүй районунун электр энергияга муктаждыгын 12 пайызга жабат.   ГЭСте жаңы жумуш орундары түзүлүп, аймактагы электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртат деп күтүлүүдө.