Ош шаарынын Мээркан айылында капиталдык оңдоо иштеринен кийин бала бакча пайдаланууга берилди

Ош шаарынын Мээркан айылында капиталдык оңдоо иштеринен кийин бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Заманбап талаптарга жооп берген объект 100 балага чакталган.   Анда окуу, оюн жайлары, ашкана, кир жуучу жай каралган. Бала бакча керектүү эмеректер менен камсыздалды.

Ош мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулат

Ош шаарынын мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратты оңдоп-түзөө иштери улантылууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын чатырын жабуу иштери кызуу жүрүүдө. Имараттын чатырына күн панелдери менен орнотулуп, энергияны үнөмдөө жана имараттын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.

5-класстын окуучулары үчүн жаңы математика китептери басылып чыкты

5-класстын окуучулары үчүн жаңы математика китептери басылып чыкты. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, окуу куралдары “Учкун” басмаканасында басылды.   Китептер окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 87 миң 150, ал эми орус тилинде окуткан билим жайлары үчүн 66 миң 30 нускада даярдалган. Эми мектептерде  китеп тартыш болбой… Кененирээк…

Кыргызстанда эми “Түндүк” тиркемесинен жер тилкеси жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматты текшерип алууга болот

Кыргызстанда эми “Түндүк” тиркемесинен жер тилкеси жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматты текшерип алууга болот. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов билдирди.   Анын айтымында, бул үчүн кыймылсыз мүлккө менчик укугун тастыктаган маалым каттар жайгаштырылган “Менин… Кененирээк…

Кыргызстанда майыптыгы бар 221 миңден ашык адам жашайт

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 221 миңден ашык майыптыгы бар адам жашайт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда айтылат. Министрдин айтымында, алардын ар бири коомдун толук кандуу мүчөсү жана  чоң потенциалга, талантка, кайраттуулукка жана эмгекчилдикке… Кененирээк…

Окуучулардын кышкы каникулу 12 күнгө созулат

Окуучулардын кышкы каникулу 12 күнгө созулат. Агартуу министрлиги бекиткен графикке ылайык, эс алуу 31-декабрда башталып, 11-январга чейин уланат. Окуу 12-январда башталат.   6 жашында 1-класска кабыл алынгандарга 24-декабрдан 18-январга чейин кошумча эс алуу берилет.

Кыргызстанда накталай акча колдонбой, онлайн төлөмгө өткөндөр көбөйдү

Кыргызстанда накталай акча колдонбой, онлайн төлөмгө өткөндөр көбөйдү.   Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди. Анын айтымында, ELQR системасы иштей баштагандан бери жүргүзүлгөн операциялардын саны  55 эсеге, ал эми төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 85 эсеге көбөйгөн. Онлайн төлөмдөр бардык тармакта нормага айланып, эл коммуналдык… Кененирээк…

Кыргызстанда Жер кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин жер тилкелерине болгон укуктарды каттоо системасы өзгөрөт

Кыргызстанда Жер кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин жер тилкелерине болгон укуктарды каттоо системасы өзгөрөт. Мурда колдонулуп келген кызыл жана жашыл китептердин ордуна эми жер ээлерине бирдиктүү кадастрдык план берилет.   Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосуновдун… Кененирээк…

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Пакистанга барат

Президент Садыр Жапаров 3-4-декабрь күндөрү Пакистанда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип кабарлады. «Сапардын алкагында Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (парламенттин… Кененирээк…

Бокс боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына толук курамда катышат

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатына толук курамда катышат. Бул тууралуу Бокс федерациясы кабарлады.   Эске салсак, буга чейин дээрлик бардык спортчуларга Эл аралык бокс ассоциациясынын мелдеши өтүп жаткан Бириккен Араб Эмирлигине кирүү үчүн визалар берилбей калганы маалымдалган. Маселе бийликтин кийлигишүүсүнөн кийин чечилди.  … Кененирээк…