Кийинки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 20 миңге чукул батир ээсине тапшырылат

Кийинки жылы Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдөн 20 миңге чукул батир ээсине тапшырылат. Бул тууралуу уюмдун Калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдирди.   Анын айтымында, пайдаланууга бериле турган батирлердин 4 миңи Бишкекте жайгашкан. 2023-жылдан бери компания өлкө аймагы боюнча 4 миң 662 батир берген.

Жапаровдун Пакистанга сапарынын алкагында 16 документке кол коюлду

Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 16 документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   Өлкө башчысы Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол… Кененирээк…

Кыргызстандыктар аманаттарын сом менен сактоону туура көрүшөт

Кыргызстандын банк тармагынын кредиттик портфели 460 млрд сомго жетип, 35 пайызга өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева «Биринчи радионун» эфиринде билдирди. Анын айтымында, аманаттар боюнча да ушундай эле динамика байкалып, депозиттик портфель да 35 пайызга өсүп, 804 млрд сомду түздү. Ошол… Кененирээк…

Ала-Бука районунда 75 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Мектепке чейинки билим берүү мекемеси районду өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, жалпы сметалык баасы 36 млн 300 миң сомду түзгөн.    

Ушул айда IV Элдик курултай өтөт

IV Элдик курултай ушул жылдын 25-декабрында өтөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.   Ага 700 делегат катышат. Аларды шайлоо 231 айыл аймагында жана 33 шаарда өткөн.   “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Бул демилге Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып,… Кененирээк…

Кыргызстанда 57 миңден ашуун адам насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды

Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу 57 миңден ашуун адам насыя алууга өзүнө-өзү тыюу салды. Соңку маалымат менен Улуттук банк бөлүштү.   Быйыл июль айында кол коюлган мыйзамга ылайык каалаган адам кредит алууга өзүнө чектөө кое алат. 1-ноябрдан баштап мындай тыюуну “Түндүк” тиркемеси аркылуу жасаса болот.… Кененирээк…

Ош шаарынын борборуна жаңы жылдык балаты орнотулууда

Мэриянын маалыматына караганда, учурда жасалгалоо иштери жүрүп жатат.   Буга байланыштуу Алымбек Датка көчөсүнүн бөлүгү убактылуу жол кыймылы үчүн жабылды. Айдоочулар каттамдарын алдын ала пландап алышы керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Аксы районундагы маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы маданият үйү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, имарат Атана айылында жайгашкан.   Объекттин ичи оңдолуп, электр системасы алмаштырылып, сырткы фасады жаңыртылды.   Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланган жана баасы 10 миллион сомду түздү. Белгилеп кетсек, маданият үйү 66 жыл… Кененирээк…

Кореяда мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетсе жаза колдонулбайт

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, Түштүк Кореяда жарактуу визасы же иммиграциялык статусу жок жүргөн кыргыз жарандары 1-декабрдан тарта 28-февралга чейин чыгып кетсе аларга эч кандай жаза колдонулбайт.   Программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин жүрүм-турум тартибин бузгандарга тиешелүү. Ошол эле убакта, бул… Кененирээк…

Ашууларда жол ачык, каттам бар

Өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.   Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.   Ушул жана… Кененирээк…