Бишкектин бир бөлүгүндө 9-декабрда таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө 9-декабрда таза суу жок болот.   Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин суу Ахунбаев, Бакаев, Циолковский, Псков жана Леваневский көчөлөрүн бириктирген бөлүктө өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, буга чейин Бишкек — Ош жолунун Ала-Бел ашуусунда киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.   Белгилеп кетсек, учурда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, жолдорду тазалоо иштери… Кененирээк…

Депутаттыкка шайлангандар мурдагы кызматын тапшырышы керек

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлангандар үч күндүн ичинде мурда иштеген жериндеги ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызынын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу БШК эскертет.   Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык, парламент депутаттары бир эле учурда башка мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды ээлей албай турганын белгиледи. Ошондой эле ишкердик… Кененирээк…

Париж жылдын мыкты шаары деп аталды

Париж жылдын мыкты шаары деп аталды. Euromonitor International рейтингине ылайык, мегаполис туристтерди кабыл алууга даярдыгы эң жакшы деген баага татыды.   Ошондой эле туруктуу өнүгүү, экономикалык деңгээл, коопсуздук жана саламаттыкты сактоо тармактары эске алынган. Лидерлердин ондугуна ошондой эле Мадрид, Токио, Рим, Милан, Нью-Йорк, Амстердам, Барселона… Кененирээк…

Өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар

Өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар.   Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканалары аймактарды толук көзөмөлдөп, жолдорду тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.   Алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат.

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүндө 8-декабрдан 10-декабрга чейин жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная-Горка – Ак-Таш жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолдорунда кар көчкү түшүп, күрткүлөр жаралат. Жолдор тайгак болуп, муз… Кененирээк…

Жол жээктерине мөмө-жемиш бактары отургузулат

Жол жээктерине мөмө-жемиш бактары отургузулат. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, аймактарда жер эрозиясын азайтуу, жашыл инфраструктураны өнүктүрүү жана жол жээктерин бекемдөө үчүн жол мөмө-жемиш бактарын отургузуу пландалууда.   Иштер жазында башталат. Жол боюндагы туура уюштурулган бактар экологияны жакшыртып, мөмө-жемиш өндүрүшүн дагы көбөйтөт деп күтүлүүдө.

БШК 13 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды

БШК 13 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныды.   Отурумда №29, №5, №30, №11, №20, №15, №27, №2, №28, №10, №22, №24 округдардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды.   Натыйжада комиссия мүчөлөрү бул округдардагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанып, протоколду бекитти. Буга… Кененирээк…

Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногуна 83 миллион доллар сатты

Улуттук банк интервенция жасап, валюта рыногуна 83 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды. Быйыл Улуттук банк жети жолу валюталык интервенция жасап, жалпысынан 673,5 миллион доллар сатты.   Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун… Кененирээк…

Кыргызстан Пакистандан дагы электр энергиясын сатып алат

Кыргызстан Пакистандан дагы электр энергиясын сатып алат.   Эки өлкөнүн Энергетика министрликтери тиешелүү меморандумга кол койду. Документ президент Садыр Жапаровдун Пакистанга сапары алкагында түзүлдү.   Тараптар CASA-1000 долбоору боюнча кызматташтыкты арттырууну жана электр энергиясын сезондук алмашууну бекитишти. Ага ылайык, Кыргызстан жайында гидроэнергиянын ашыкчасын Пакистанга сатат,… Кененирээк…