Адамдар 30 жашка чейин узак мамиле курууда кыйынчылыкка туш болушууда

Социалдык тармактардын айынан адамдар 30 жашка чейин узак мамиле курууда кыйынчылыкка туш болушууда. Мындай тыянак эки жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында аныкталган.   Аналитиктердин айтымында, лайктар, комментарийлер жана стористер туруктуу түрдө кызганычты жаратып, бир жылдан кийин көпчүлүк жуптардын эки жолго түшүүсүнө алып келүүдө.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Баткен облусунда 40ка чукул жаңы ишкана ачылат

Баткен облусунда 2030-жылга чейин 40ка чукул жаңы ишкана ачылат.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлиги билдиргендей, тизмеге сегиз соода-логистикалык борбор жана 29 кайра иштетүү заводу кирет.   Жаңы өндүрүштөр айыл чарба продукциясынын жоготууларын кыскартууга жана сактоо шарттарын жакшыртууга багытталат. Объектилер облустун… Кененирээк…

Нарын шаардык прокуратурасы жаңы имараттуу болду

Нарын шаарынын прокуратурасынын жаңы административдик имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Буга чейин Нарын шаарынын прокуратурасынын өз алдынча имараты болбогондуктан, Нарын облустук прокуратурасы менен бир имаратта иш жүргүзүп келген. «2025-жылдын апрель айында башталган курулуш иштери толугу менен аяктап, заманбап талаптарга жооп берген… Кененирээк…

Боршайком 29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын тааныды

Novosti.kgге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдиргендей, учурда 87 талапкер Жогорку Кеңештин депутаты катары бекитилди.   Ал эми 13-округ боюнча БШК добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду деген негизде жыйынтыкты жокко чыгарып, кайра шайлоо Жаңы жылдан кийин дайындалмай болду.   Кыргызстанда кезексиз парламенттик шайлоо 30-ноябрда өттү.… Кененирээк…

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга кайрадан убактылуу чектөө киргизилди. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, мындай чечим бүгүн түштөн кийин аба ырайына байланыштуу кабыл алынды.   Учурда жолду тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери уланууда.   Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге… Кененирээк…

Кыргызстанда биринчи жолу сот отурумдары түз эфирде көрсөтүлө баштады

Жогорку соттон билдиришкендей, пилоттук долбоордун алкагында ноябрь, декабрь айларында ар түрдүү категориядагы иштер боюнча сот отурумдарын видеого тартуу мүмкүн болду.   Долбоор сот тармагын калк үчүн мүмкүн болушунча ачык жана түшүнүктүү кылуу максатын көздөйт.   Мындай түз эфирлер теле-радио аркылуу жана интернетте жүргүзүлүшү мүмкүн.  … Кененирээк…

Быйыл Кыргызстан кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздайт

Быйыл Кыргызстан кант кызылчасынан өндүрүлгөн кумшекер менен өзүн-өзү толук камсыздай алат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Бирок быйылкы түшүм аба ырайына байланыштуу былтыркыдан аз болду. Ошентсе да өткөн жылдан калган запас муктаждыкты жабат, — деп айтылат… Кененирээк…

Кыргызстанда төрт кабаттуу мектептерди курууга уруксат берилди

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен маалым болду.   Бирок төртүнчү кабатта административдик багыттагы бөлмөлөр жайгашуусу керек.   Санитардык талаптарга ылайык, учурда мектеп имараттары үч кабаттан ашпашы керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанда 263 жеке клиниканын иши токтоду

Саламаттык сактоо министрлиги мунун себебин одоно мыйзам бузууларга байланыштырды.   Медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында республика боюнча 540тан ашык менчик клиника текшерилген. Алардын ичинен 45,5% жарактуу лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган. Лицензиясы бар 295 медициналык уюмдун ичинен 110унда да мыйзам бузуулар табылган.   Мыйзам… Кененирээк…

Боршайком 20дан ашык шайлоо округу боюнча чечим чыгарды

Ага ылайык, №16, №29, №5, №30, №11, №20, №15, №27, №2, №28, №10, №22, №24, №1, №3, №4, №6, №7, №12, №14, №17, №18, №19, №23, №25 округдары боюнча талапкерлер Жогорку Кеңештин депутаты катары катталды.   Ал эми 13-округ боюнча БШК добуш берүүнүн купуялуулугу бузулду… Кененирээк…