Илим, жогорку билим берүү министри Бактияр Орозов иштен алынды

Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. «Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасынын ченемдеринин талаптарын сактабагандыгына байланыштуу ээлеген кызмат… Кененирээк…

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө, кайра иштетүү өнөр жайына техникалар менен жабдуулар лизингге берилүүдө

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө, кайра иштетүү өнөр жайына техникалар менен жабдуулар лизингге берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, техника жеңилдетилген шартта 6 пайыз менен 7 жылдык мөөнөткө берилүүдө. Белгилеп кетсек, дыйкандарга 2011-жылдан тарта мамлекеттик банктар… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө газдаштырууга жеңилдетилген насыя алгандардын саны өсүүдө

Бишкек жана Чүйдө газдаштырууга жеңилдетилген насыя алгандардын саны өсүүдө. Каржы министрлигинен билдиришкендей, тизмеде 115 субъект бар. Берилген жалпы сумма 14 миллион сомдон ашат.   Долбоорду ишке ашырууга эки мамлекеттик банк катышууда. Насыялоонун жалпы суммасы 200 миллион сомду түзөт. Программа үйлөрдү жана башка объектилерди газ тармактарына… Кененирээк…

Ошто борбордук стадиондун жанына сквер курулду

Ошто борбордук стадиондун жанына сквер курулду. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун кире беришине курулган чакан эс алуучу жай пайдаланууга берилди.   Анда таман таш төшөлүп, отургучтар, таштанды челектери жана көчө жарыгы системасы орнотулду. Ошондой эле бак-дарактар тигилди.

Кыргызстанга Россия гуманитардык азык-түлүк жөнөттү

Кыргызстанга Россия гуманитардык азык-түлүк жөнөттү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, байытылган буудай унү жана өсүмдүк майы ар кандай долбоорлорго катышкан 4 миң 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет.   Алар муну менен ирригациялык түйүндөрдү, ичүүчү суу тутумдарын калыбына келтирүүгө, дарак отургузууга, дарыя жээктерин… Кененирээк…

Бишкектеги «Азиз» базарындагы өрт толук өчүрүлдү

Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарында чыккан ири өрт саат 13:50дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок. Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө жалпы 60 өрт өчүрүүчү, 8 күжүрмөн эсеп, Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунан оперативдүү топ… Кененирээк…

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жаан-чачынга байланыштуу алдыдагы күндөрү Бишкек — Ош, Красная Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Каракол — Эңилчек жана Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолдорунда кар массасы түшүшү мүмкүн. Унаалар… Кененирээк…

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы бала бакчанын курулушу аяктады

Ош облусунун Өзгөн районунда жаңы бала бакчанын курулушу аяктады.  90 орунга эсептелген объект Алга айылында жайгашат.   Курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, жалпысынан 68 миллион сом жумшалды. Эки кабаттуу имаратта балдарды кабыл алууга бардык шарттар каралды.

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылы чектелет

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылы чектелет. Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 18:30да Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жандыруу салтанаты өтөт.   Буга байланыштуу Чүй проспектиси – Эркиндик бульвары, Чүй проспектиси – Панфилов көчөсү тилкелери түнгө чейин жабылды. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландоо сунушталат.

Кыргызстан Казакстандан мунай ташый баштады

Кыргызстан Казакстандан мунай ташый баштады.   Коңшу өлкөнүн мунай ташуу компаниясынан билдиришкендей, 2017-жылдан кийин токтоп калган мунай жеткирүү быйыл ноябрь айында кайра жанданды.   Компания ушул жылдын аягына чейин Кыргызстанга болжол менен 30 миң тонна мунай жөнөтүүнү пландап жатат. Мунай магистралдык куурлар аркылуу “Шагыр” мунай… Кененирээк…