Ошто “Кең-Сай” конушу электр энергиясы менен толук камсыздалды

Ошто “Кең-Сай” конушу электр энергиясы менен толук камсыздалды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, калк жашаган түйүндө 150 электр өткөрүү мамысы орнотулуп, кабелдер тартылды.   Ошондой эле 3 трансформатор алмаштырылып, кошумча 4 жаңы трансформатор орнотулду.

Оштун борбордук стадиону жаңыланды

Оштун борбордук стадиону жаңыланды.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, заманбап футбол талаасы эми ФИФА талаптарына жооп берет. Ошондой эле анда атайын чуркоо аянты дагы пайда болду.   Иштерге каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Стадиондун жанында сквер курулду.

Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Ага ылайык, 19-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек жана Балыкчы –… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жеке ишкерлерди онлайн кайра каттоо кызматын ишке киргизди.   Ведомствонун маалыматына караганда, эми жеке ишкерлер cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат.   Мындан ары жеке ишкерлерге кайра каттоо үчүн салык органдарына жеке кайрылуунун зарылдыгы жок.… Кененирээк…

Кыргызстан Египетте элчилигин ачат

Кыргызстан Египетте элчилигин ачат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чечим Кыргызстан менен Египеттин ортосунда саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарды бекемдөө максатында кабыл алынды.   Жарлыкка ылайык, элчилик Каир шаарында болот жана аны уюштурууга Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлиги үчүн беш штаттык… Кененирээк…

Нарында башкы балатынын оту жанды

Нарында башкы балатынын оту жанды. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдын башкы символунун бийиктиги 12 метрди түзөт. Аны кооздоого быйыл дээрлик 50 миң сом жумшалды.   Алдыдагы күндөрү мэр балатысы өтүп, майрамдык иш-чарага 250 бала чакырылды. Алардын арасында окуунун отличниктери, ата-энеси жок балдар жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү… Кененирээк…

Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы ишке кирди

Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы ишке кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.   Порталда бардык министрликтердин расмий маалыматы, негизги документтери жана байланыш маалыматтары камтылган толук кандуу баракчалары жеткиликтүү.   Түшүнүктүү интерфейс жана ыңгайлуу издөө колдонуучуларга керектүү мамлекеттик кызматтарды, актуалдуу маалыматтарды жана тиешелүү органдардын байланыш маалыматтарын… Кененирээк…

Кыргызстан үчүн квотанын негизинде келе турган электромобилди башка мамлекеттерге чыгарууга болбойт

Кыргызстан үчүн квотанын негизинде келе турган электромобилди башка мамлекеттерге чыгарууга болбойт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен эске салышты.   Маалыматка ылайык, электромобиль Россиянын же башка өлкөнүн аймагына өтүп кете турган болсо, анда мыйзам чегинде бажы төлөмүн төлөө керек болот.   Белгилеп кетсек, Кыргызстан 2026-жылга… Кененирээк…

2030-жылга чейин Чүйдө 78 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда

2030-жылга чейин Чүйдө 78 кайра иштетүү ишканасын ачуу пландалууда.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, өрөөндө жалпысынан 7 соода-логистикалык борбор жана 78 кайра иштетүү ишканасы ачылат.   Белгилеп кетсек, ведомство 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык 42 миң 919 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык 42 миң 919 сомду түздү. Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Назира Керималиева билдиргендей, бул     2024-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 19 пайызга көп.   Маяна кыймылсыз мүлк, курулуш, транспорт ишмердүүлүгү жана жүк сактоо тармактарында өскөн.