Президенттик балаты майрамына аймактардан 490 бала келди

Бишкек шаарында президенттик балатынын биринчи күнү башталды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 490 бала келди. Иш-чарага агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты. Ал балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады. Балдар «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна… Кененирээк…

Милиция кызматкерлерине 50 кызматтык унаа жана карда жүрүүчү 5 техника тапшырылды

Бүгүн Ички иштер министрлигинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, ыкчам кызматтарга, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын Туристтик милициясына жаңы кызматтык унааларды жана карда жүрүүчү техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү.   ИИМден билдиришкендей, иш-чаранын алкагында «JAC», «Changan», «Hyundai Staria», «Toyota Hiace», «Geely… Кененирээк…

Парламентте тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жыйынында Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо маселеси каралды. Парламенттен билдиришкендей, депутаттык топтор тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарларынын кызмат орундарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүштү. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңештин төмөнкү депутаттары комитеттердин төрагаларынын орун басарлары болуп шайланды: Гульнара… Кененирээк…

Оштун Кең-Сай конушунда ипотекалык батирлер курулууда

Ош шаарынын Кең-Сай конушунда муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан 5 кабаттуу турак жай курулуп жатат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, мындагы батирлер “Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине аз пайыз менен, узак мөөнөткө ипотекалык шартта берилет. «Мындан тышкары, аталган конушта Мамлекеттик ипотекалык компания… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Тоолуу аймактарда жана ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.   Ага ылайык, жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош, Ала-Бука – Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу, Каракол – Эңилчек жана Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа… Кененирээк…

Өкмөт санитардык көзөмөлдү күчөтүү үчүн ишкерлерди текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо

Өкмөт санитардык көзөмөлдү күчөтүү үчүн ишкерлерди текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунушуна ылайык, ашкана-кафелер, тез тамактануу пункттары жана косметология боюнча медициналык кызмат көрсөткөн жайларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берүү каралууда.   Министрлик туристтик сезондо… Кененирээк…

Быйыл визалар жана бир жолку уруксат берүүдөн түшкөн каражат 5 миллиард сомдон ашты

Быйыл визалар жана бир жолку уруксат берүүдөн түшкөн каражат 5 миллиард сомдон ашты.   Бул мамлекеттик бюджетке олутту салым болуп эсептелет, — деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр.   Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата “Электрондук виза” порталы аркылуу жалпысынан 48 миң… Кененирээк…

Жыл башынан бери кыргызстандыктар банктардан 477,7 млрд сом насыя алды

Быйыл кыргызстандыктар банктардан 477 млрд сомдон ашык насыя алды. Улуттук банктан билдиришкендей, жыл башынан бери банк секторунун кардарларынын кредит портфелинин көлөмү 40,2 пайызга өстү.   Эске салсак, ушул жылдын 31-октябрына карата Кыргызстанда 21 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеди.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

№195 автобус каттамынын кыймылы өзгөрөт

Эртеңден тарта №195 автобус каттамына өзгөртүүлөр киргизилет.   Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим айрым көчөлөрдө жашаган азиз жана көрүүсү начар жарандардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды. Ага ылайык, аталган тургундар үчүн коомдук транспортко жеткиликтүүлүк жакшырганы белгиленди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктар ачылат

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу менен Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода жолугушту.   Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик кызматташтыгынын кеңири маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Ош жана Худжанд шаарларында Башкы консулдуктарды түзүү боюнча… Кененирээк…