Айпери Медет кызы жылды дүйнөлүк рейтингдин сап башында жыйынтыктап жатат

Айпери Медет кызы жылды дүйнөлүк рейтингдин сап башында жыйынтыктап жатат. Бириккен күрөш дүйнөсү 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарып, ар бир салмак категориясындагы мыктыларды атады.   Алардын арасында 76 килограмм салмак категоряисындагы Айпери Медет кызы бар. Лидерлерге 5 миң швейцариялык франк же 550 миң сом өлчөмүндө сыйлык берилет.

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдар аралыгындагы Чоң-Ашуу ашуусуна убактылуу чектөө киргизилди

22-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдар аралыгындагы Чоң-Ашуу ашуусуна убактылуу чектөө киргизилди.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Мындай чечим Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде кар көчкү түшүүcү жана жолдор тайгак болушу күтүлүп жаткандыктан коопсуздукту камсыздоо… Кененирээк…

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барчу унаа жолдун курулушу аяктады

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына барчу унаа жолдун курулушу аяктады. Эртең каттам берүү күтүлүүдө. Учурда жолду тегиздөө, шагыл төшөө иштери жүрүп жатат.   Жолдун жалпы узундугу 8 чакырымды түзөт. Жол куруу иштеринин алкагында Кожошкен дарыясына узундугу 30 метр болгон көпүрө курулду. Көпүрө 90 тоннага чейин… Кененирээк…

“Ош” эл аралык аэропортунун курулушу уланууда

“Ош” эл аралык аэропортунун курулушу уланууда. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, терминал саатына 900 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталат.   Иштер компаниянын өздүк эсебинен жүрүп жатат. Курулуш 2026-жылы жайында аяктайт деп күтүлүүдө. Жаңы комплекс ишке киргенден кийин азыркы “Ош” аэровокзалы ички каттамдарга гана колдонулат.

Кыргызстанда 2026-жылы көп кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу пландалууда

Кыргызстанда 2026-жылы көп кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.   Анын айтымында, жыл башында мугалимдердин, медицина кызматкерлеринин, маданият тармагынын жумушчуларынын жана тейлөөчү персоналдын айлыгы 50 пайызга жогорулайт. Экинчи этап 1-сентябрга пландалууда.   Анда мамлекеттик кызматкерлердин маянасын 50 пайызга көтөрүү… Кененирээк…

Европанын 38 шаары жашоо үчүн ыңгайлуу 50 калаасынын тизмесине кирди

Европанын 38 шаары жашоо үчүн ыңгайлуу 50 калаасынын тизмесине кирди.   Биринчи орунда Берн шаары жайгашат. TimeOut басылмасы жазгандай, Швейцариянын борбору айлана-чөйрөнү жакшыртууга салынган инвестициялары, жогорку сапаттуу медицинасы жана өнүккөн транспорттук инфраструктурасы менен алдыга чыкты.

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы мектептин курулушу аяктады

Ош облусунун Кара-Суу районунда жаңы мектептин курулушу аяктады.   Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 275 орундуу объект Кайрагач айылында жайгашат.   Имаратта окуу класстарынан тышкары акты жана спорт залдар каралган. Долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 105 миллион сом бөлүнгөн.

Орловка шаарындагы авариялык үйлөр буздурулат

Орловка шаарындагы авариялык үйлөр буздурулат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.   Маалыматка ылайык, Орловка шаарындагы Металлург кичи районундагы №8 жана Чкалов көчөсүндөгү №61 авариялык абалдагы көп кабаттуу үйлөр, мурда Кыргыз химия-металлургия заводуна караштуу болгон. Аталган үйлөрдөгү батирлер мурда ишкананын жумушчуларына берилген, бирок көпчүлүгү… Кененирээк…

Ош шаарынын коммуналдык кызматтарынын жумушчуларына төмөнкү ставка менен ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды

Ош шаарынын коммуналдык кызматтарынын жумушчуларына төмөнкү ставка менен ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Турак-жай комплекси Кең-Сай кичи районунда жайгашат.   Планга ылайык, 5 кабаттуу үйдөн батирлер “Тазалык” жана “Жашыл чарба комбинаты” ишканаларынын кызматкерлерине берилет.

Чүй облусунда 1,3 миллиард сомдук суу сактагыч курулат

Чүй облусунда 1,3 миллиард сомдук суу сактагыч курулат.   Адылбек Касымалиев Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суу дарыясында декадалык жөнгө салуучу бассейндин курулушуна мезгил кутучасын салды.   Ак-Суу дарыясындагы суу сактагычтын көлөмү 4,5 миллион куб метр. Ал ишке кирсе төрт айылдын 6 миң 500 гектар сугат жери… Кененирээк…