Мектептердин 80 пайызына видеокөзөмөл камералары орнотулду

Быйыл өлкө боюнча мектептердин 80 пайызына видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди. Маалыматка караганда, өлкөдө жалпы 2 миң 394 мектеп бар. Анын ичинен 1 миң 848 мектеп… Кененирээк…

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезонго байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Ысык-Көл облусунда кышкы туристтик сезонго байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.   Коомдук тартипти облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү камсыздайт.   Өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери заманбап технологиялар менен жабдылган.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Мамлекеттик кызматка документ тапшыруу электрондук форматка өттү

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка сынактарга катышуу үчүн документтерди электрондук түрдө тапшырууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, эми сынактарга катышуу үчүн керектүү документтерди кагаз түрүндө тапшыруунун кереги жок. Бардык документтерди «Колдонуучунун жеке кабинети»… Кененирээк…

Быйыл китеп чыгарууга 856 млн сомдон ашык каражат бөлүндү

2025-жылы окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга мамлекет тарабынан 856 млн 548 миң 703 сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди. Маалыматка ылайык, быйыл окуу-методикалык комплекстерди басып… Кененирээк…

Бишкекте республикалык педагогикалык кеңешме өтүүдө

Бишкекте “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешме өтүүдө. Иш-чарага агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдер, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана адистери катышууда. Кеңешменин алкагында билим берүү тармагындагы 2025-жылдагы негизги… Кененирээк…

Ат-Башы районунда көп функционалдуу спорт комплекси ачылды

Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, спорттук жай баскетбол, футбол, волейбол, бокс, күрөш менен машыгууга жана оюндарды өткөрүп, мелдештерди уюштурууга ылайыкташтырылган.   Комплекстин жалпы сметалык баасы 50 млн сомдон ашты жана каражаттын жарымынан көбүн «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фонду каржылаган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

25-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 10дон кечки 6га чейин Турусбеков көчөсү Жибек Жолу проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Жибек жолу, Эркиндик бульвары, Баялинов  көчөлөрү, Ала-Арча дарыясына чейин жана Жибек жолу проспектисинде ичүүчү суу берүү токтотулат.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк жана мекеме уюмдар сууну алдын… Кененирээк…

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Бишкекте грек-рим жана эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө.   Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, спорттук иш-чара бүгүнтөн тарта 25-декабрга чейин болот.   Мелдеш «Жаштык» кичи аренасында уюштурулууда.    

Салык кызматы 19,4 млрд сом акциз салыгын чогултту

Жыл башынан бери өлкөдө өндүрүлгөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден алып келинген товарлардан бюджетке 19 млрд 493,06 млн сом акциз салыгы түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салыкты чогултуу боюнча көрсөткүчтөр 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 1,7 млн сомго же 17,3%га көбөйгөн. Ушул жана… Кененирээк…

Ашуулардагы кырдаал боюнча расмий маалымат айтылды

Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Белде каттам бар, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери тынымсыз жүрүүдө. Аталган унаа жолдогу Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана… Кененирээк…