Кыргызстандыктар 12-январга чейин эс алат

Министрлер кабинети 2026-жылдагы жаңы жылдык эс алуу күндөрүн узартуу чечимин кабыл алды. Буга чейин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги келе жаткан жылга карата өндүрүштүк календардын алкагында Кыргызстанда 1-7-январда эс алуу болорун жарыялап, кийинчирээк каникулду узартуу сунушталган.   Бул кызматкерлердин майрам жана дем алыш күндөрүн… Кененирээк…

Баткенде ири көмүр кени ачылды

Бүгүн Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы “Сүлүктү” 11-талаа көмүр кени ачылды. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана «Кыргызкөмүр» ААК менен «Хунга Лифенг» өнөр жай соода компаниясынын ортосунда келишимдин негизинде пайдаланууга берилди. Көмүр кенин иштетүүгө тараптар 65 млн доллар инвестиция салган. Кендин жалпы аянты… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш илим министри кызматына Исаматованы дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматына Гүлзат Исаматованы дайындоого макулдук берди. 42 жаштагы Гүлзат Исаматова буга чейин Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин Эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору кызматын аркалап келген.   Ал эми мурдагы министр Бактияр Орозов ичимдик… Кененирээк…

Ак-Талаа районунда сүт иштетүүчү цех ачылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сүт иштетүүчү цех ачылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Кара-Бүргөн айылында жайгашкан.   Долбоор облустук өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жүзөгө ашырылган. Ишкананы куруу жана ишке киргизүүгө 30 млн сом жумшалды.   Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 1 миң литрге чейин сүттү иштетүүгө жетет.… Кененирээк…

Россиялыктар Кыргызстанга чет өлкөлүк паспорт менен кирет деген маалымат чындыкка дал келбейт

2026-жылдан тарта россиялыктар Кыргызстанга чет өлкөлүк паспорт менен гана кирет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Эске салсак, мындай маалыматтар Telegram-каналдарда тараган.   Ведомство эскерткендей, Россиянын жарандары Кыргызстанга ички жана чет өлкөлүк паспорт менен кирүүгө укуктуу, ал эми 14… Кененирээк…

Өлкөнүн ашууларында жолдор ачык

“Кыргызавтожол” ишканасынын маалыматы боюнча, унаа кыймылы үзгүлтүксүз жүрүп жатат.   Жол кызматтары өздөрүнө бекитилген тилкелерди толук көзөмөлдөп, тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.   Айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, каршы тилкеге чыкпоо, автоунаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо… Кененирээк…

Кыргызстанда 90дон ашык объект ачылды

Бүгүн өлкөнүн булуң-бурчунда 90дон ашык объект ачылды.   Иш-чарага президент Садыр Жапаров онлайн катышты.   Маалыматка ылайык, объекттердин арасында өндүрүш ишканалары, социалдык мекемелер жана жолдор бар.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Сары-Талаа – Кызыл-Таш – Зардалы унаа жолу кеңейтилди

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сары-Талаа айылынан баштап Кызыл-Таш жерлигине чейинки узундугу 11 чакырым, туурасы 3-4 метр болгон кууш жолдун туурасы 6 метрге кеңейтилип, Кызыл-Таштан Зардалы айылына чейинки 7 чакырым жол жаңыдан курулуп, Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө салынып, автоунаа каттамы… Кененирээк…

Кыз-келиндердин эң сүйүктүү хоббиси — чай же кофе ичип эс алуу

Кыз-келиндердин эң сүйүктүү хоббиси — чай же кофе ичип эс алуу. Окумуштуулардын айтымында, эч кандай жумуш кылбай, кофе ичип отуруу аялдарга эң чоң ырахатты алып келет.   Бул аракетти кыз-келиндер жалкоолук эмес, өзүнө кам көрүү, күчүн калыбына келтирүү катары кабыл алышат.

2026-жылдын 1-апрелинде мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт

2026-жылдын 1-апрелинде мугалимдердин жана дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда жарыялады.   Өлкө башчынын айтымында, буга чейин маянаны 50 пайызга көтөрүү тууралуу жарыяланган, бирок кошумча эсептөөлөрдөн кийин 15 миң сомдук президенттик компенсациялык төлөмдү кошуу менен жогорулатуу 100 пайызга жеткирилет.… Кененирээк…