IV Элдик курултай аяктады

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултай аяктады. Иш-чара 25-26-декабрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.   Анда тышкы карыз, жабык жайлардагы адам укугунун сакталышы, жер мунапысы, чет жакта жашаган мекендештердин шайлоого талапкер катары катышуу укугу, үй-бүлөлүк зомбулук, мектеп маселеси жана башка көйгөйлөр көтөрүлдү.… Кененирээк…

Алтын-Ордо конушунда суу өчүрүлөт

29-декабрда Алтын-Ордо конушунда суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түнкү 10го чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.   Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.   Калк жана мекеме-уюмдар сууну алдын ала камдап… Кененирээк…

Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашууда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө.   Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу менен… Кененирээк…

Ак-Өргө конушунда эки кабаттуу жаңы бала бакча ачылды

Бишкектин Ак-Өргө конушунда эки кабаттуу жаңы бала бакча ачылды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, объект бардык зарыл бөлмөлөр менен камсыздалып, коопсуздук жана ыңгайлуулук боюнча талаптарга толук жооп берет.   100 орундуу мектепке чейинки билим берүүчү мекемеде 20дан ашык жаңы жумуш орун түзүлдү.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Аймактарга каттаган автобустардын саны көбөйүшү мүмкүн

Эртеңден тарта айрым аймактарга каттаган автобустардын саны көбөйүшү мүмкүн.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Жаңы жыл алдындагы жүргүнчүлөрдүн агымына жараша Бишкек-Каракол каттамына төрт автобус, ал эми Бишкек-Нарын каттамына эки автобус кошулат. Ошондой эле, Бишкек-Талас каттамына кошумча автобустар пландаштырылууда.   Транспорттор 27-декабрдан 31не чейин резервде… Кененирээк…

Кыргызстандын тышкы карызы 2035-жылга чейин толук жабылат

Бул тууралуу Бишкекте IV Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Өлкө башчынын айтымында, 2030-жылдан тартып сырткы карыздын көлөмү азая баштайт. Ал эми 2035-жылы карыздан толук кутулууга жол ачылат, — деди президент.   Ушул жылдын сентябрь айындагы маалымат боюнча Кыргызстандын мамлекеттик… Кененирээк…

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде 1-январдан тарта убактылуу чектөөлөр киргизилет

Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде 1-январдан тарта убактылуу чектөөлөр киргизилет. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Семетей көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки тилке тууралуу болуп жатат.   Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана  аялдама  комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынды.

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Бишкектин Арча-Бешик конушунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди.   Муниципалитеттин маалыматына ыдайык, эки кабаттуу имарат оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, даярдоо жана таратуу бөлмөсү, идиш жууучу жай, кампалар, медициналык кабинет, дезинфекциялоо бөлмөсү, кир жуу бөлмөсү жана санитардык түйүндөрдөн турат. Бала бакчада бардык шарттар түзүлүп, ал… Кененирээк…

Кыргызстанда катализатору жок унааларды алып-сатууга тыюу салуу пландалууда

Кыргызстанда катализатору жок унааларды алып-сатууга тыюу салуу пландалууда.   Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу билдирди.   Мындай чара экологияны жакшыртууга багытталган. Документ жакынкы арада коомдук талкууга коюлат, — деди чиновник. Катализаторлор зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн керек,… Кененирээк…

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, объект санитардык нормаларга жооп берип, эт азыктарын коопсуз жана сапаттуу даярдоого шарт түзөт. Бул жайда мал союу процесси эл аралык стандарттарга… Кененирээк…