Бишкектин эски аянтында жаңы жылдык азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Бишкектин эски аянтында жаңы жылдык азык-түлүк жарманкеси өтүүдө.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына караганда, анда эт 600 сомдон, башка товарлар да өндүрүлгөн баасында сатылат.   Жарманке күн сайын өтөт жана элди жеткиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыздоо, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү… Кененирээк…

Өлкөдө пиротехникалык заттарды сатуу жана колдонууга көзөмөл күчөтүлдү

Өлкөдө пиротехникалык заттарды сатуу жана колдонууга көзөмөл күчөтүлдү. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай чара жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана өрт чыгуу учурларын алдын алуу максатын көздөйт.   Милиция кызматкерлери базарларда, сатуу түйүндөрүндө жана коомдук жайларда рейддерди жүргүзүүдө. Пиротехниканы мыйзамсыз саткандарга карата катуу чара көрүлөт. Жарандарга салют-фейерверктерди… Кененирээк…

Бишкек жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады

  Бишкек жол инспекторлору күчөтүлгөн тартипте иштеп баштады. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, майрам күндөрү мас абалында унаа айдагандарды, айдоочулук күбөлүгү жок рулга отургандарды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлөт.   Андан тышкары, авариялар көп катталган тилкелерде жол инспекторлорунун нөөмөтү уюштурулду. Кырсыктарды алдын алуу максатында… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районунда этти кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинен билдиришкендей, завод заманбап жабдуулар менен камсыздалып, бардык санитардык жана техникалык талаптарга жооп берет.   Объекттин ишке кириши менен аймакта мал чарбачылыгы өнүгүп, кошумча жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү… Кененирээк…

Ошто Милициянын кайгуул кызматына 5 унаа тапшырылды

Бүгүн Ошто Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө президенттин атынан Changan үлгүсүндөгү 5 кызматтык унаа берилди. Мэриядан билдиришкендей, кызматтык унаалардын ачкычын мэр Жеңишбек Токторбаев тапшырды. Мындан тышкары, быйыл шаар аймагына видеокөзөмөл камераларын орнотуу үчүн 5 млн сом акча каражаты бөлүнгөнү белгиленди. Эске салсак, буга чейин да кайгуул… Кененирээк…

Жаңы жыл майрамында Бишкектин коомдук транспорту түнкү саат 3кө чейин жүрмөй болду

Жаңы жыл майрамында Бишкектин коомдук транспорту түнкү саат 3кө чейин жүрмөй болду. Муниципалетиттин маалыматында 1-январга караган түнү шаар көчөлөрүнө 300дөн ашык автобус каттамга чыгат.   31-декабрда “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт тартууланат.

Өлкө магистралдары унаа кыймылына ачык

Өлкө магистралдары унаа кыймылына ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жолчулар тарабынан кар тазалоо, инерттүү материал себүү иштери тынымсыз жүрүп жатат.   Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүү сунушталат. Атайын техниканын ишине тоскоолдук жаратпай, жол эрежелерин… Кененирээк…

Жаңырган жылы мугалимдердин эле эмес, билим берүү тармагындагы бардык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Жаңырган жылы мугалимдердин эле эмес, билим берүү тармагындагы бардык кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан 95-97 миң адис эмгектенет. Кендирбаева белгилегендей, айлыкты жогорулатууга 100 миллиард сомдун тегерегинде бөлүнөт.

Аскер кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик программасына катышуу шарттары жеңилдетилди

Аскер кызматкерлерине “Менин үйүм” мамлекеттик программасына катышуу шарттары жеңилдетилди.   Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы документке ылайык, аскер кызматкерлери кызмат өтөгөн жерине карабастан программага катышуу укугун алышат.   Бирок алар бардык бекитилген критерийлерге жооп берип, программага катышуу арызынын тартиби сакталышы керек.

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Куткаруучулар кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү.   Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 5 миңден ашык кызматкери камсыздайт.   Ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришкендей, эл көп чогулган жерлер, ооруканалар, окуу жайлар, социалдык маанилүү объектилер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Жаңы жыл майрамында салют-фейерверктердин айынан өрт кырсыктары көп… Кененирээк…